Сутка ичинде коронавирустан бир адам каза таап, вирус дагы 82 адамдан аныкталды

Короновирус илдетине чалдыккан адам Ысык-Көл облусунда каза тапкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирусту жуктуруп алганы далилденген 1 488 киши кайтыш болгон.

Ошондой эле штаб сутка ичинде коронавирус 82 адамда аныкталганын да билдирди. Илдетке чалдыккандардын көбү Бишкекте катталды.

  • Бишкек — 55;
  • Чүй облусу — 19;
  • Ысык-Көл облусу — 5;
  • Жалал-Абад облусу — 3.

Штабдын маалыматына ылайык, пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус жуктуруунун 87 321 учуру аныкталган. Ошондой эле, акыркы суткада 46 бейтап оорудан сакайып, ооруканалардан чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 84 130 бейтап COVID-19 же ооруканадан тышкары пневмониядан сакайып ооруканалардан чыккан.

Республикалык штаб 20-мартка карата өлкөнүн ооруканаларында 395 бейтап дарыланып жатканын, алардын ичинен 18 адам кыйла оор абалда экенин билдирет. Мындан тышкары, дагы 363 бейтап үй шартында дарыланып жатат.

Медиктердин арасында коронавирустун жети учуру катталды. Төрт медик Бишкекте жуктурган, дагы үчөө Чүй облусунда жуктурган. Пандемия башталгандан бери COVID-19 4 217 медиктен тастыкталды, алардын ичинен жалпы 4 195 медик айыккан.