Каныбек Иманалиев: Кумтөрдүн туюк кабында 6 млрд долларлык алтын бар

Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы 18-мартта Ысык-Көл облусундагы Кумтөр алтын кенин иштеткен Centerra Gold Inc. алтын казуучу компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерип чыкты.

*Кумтөр Кыргызстандагы эң ири алтын кени — анын аянты 26,3 миң гектарды түзөт. Кенди 1992-жылдан бери канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы иштетип келет. Кыргызстан бул компаниянын 26% үлүшүнө ээлик кылат. Жылдын башында экс-премьер Мухаммедкалый Абылгазиев алтын казуучу компанияга кошумча жерди «мыйзамсыз» берген деген шек менен кармалган.

Текшерүүдөн кийин депутаттык комиссиянын мүчөсү, эл өкүлү Каныбек Иманалиев Кумтөрдөгү калдыктарды сактоочу жайдын астында 106 тонна алтын калганын билдирди. Анын айтымында, бул алтындын баасы 6 млрд АКШ доллар болушу мүмкүн.

«Бул кыргыздын алтыны, себеби техникалык-экономикалык негиздемеде көрсөтүлгөн эмес. Экинчи, булар мисалы Монголияда Centerra иштеп калдыктарды сактоочу жайлар калды да — бул иштелип чыккан топурактын саркындысы. Демек бул 106 тонна алтын бүгүнкү күндүн баасы менен 6 млрд доллар [турат]. Бирок буга өзүнчө фабрика курууга туура келет, бул өтө майда да», — деди Иманалиев.

Депутаттын айтымында, өткөн жылы Centerra Gold Inc. саркынды суудан 1,5 тонна алтын өндүргөн — эл өкүлү ал 85-87 млн доллар турганын билдирди. Депутат бул каражаттар алтын казуучу компаниянын эсебине кеткенин жана аны мамлекетке кайтаруу керектигин кошумчалады.

Ал эми депутат Рыскелди Момбеков кен казуу аймагындагы беш мөңгүнүн экөөсү гана таза турганын айтып, учурда Centerra Gold Inc. Давыдов мөңгүсүнүн алдын да каза турганын билдирди.

«Кумтөрдүн жетекчилиги айтып жатат, бул чалгындоодон кийин кошумча Давыдов мөңгүсүнүн жанынан 140 тонна табылат деп. Бирок биздин Мамгеология агенттиги 180 тонна алтын бар деп айтып жатышат. Бирок мага кеп алтындын табылган табылбаганына эмес — мага мөңгүнүн жылганы-жылбаганы болуп турат. Анткени Канаданын байлыгы алтын болсо, кыргыздын байлыгы бул мөңгү тоолору. Анан Давыдовдун алды түшүп кетип жатканы, бул жагы салаңдап турганы...проект боюнча, мен билгенден мөңгүнү жылдырып алдын казабыз дешкен», — деди Момбеков.

Кумтөрдү текшерүүчү депутаттык комиссия 17-февралда «Республика — Ата-Журт» фракциясынын демилгеси менен түзүлгөн. Комиссиянын башчысы болуп депутат Акылбек Жапаров дайындалган.

Бул Жогорку Кеңеш түзгөн биринчи комиссия эмес. Мурдагы президент Курманбек Бакиев кулатылгандан кийин эл өкүлдөрү алтын кенди текшерүү үчүн 2012-2013-жылдары депутаттык жана мамлекеттик комиссияларды түзгөн. Ал учурда депутаттык комиссияны азыркы президент Садыр Жапаров жетектеген.

Алар 2009-жылы Бакиевдин тушунда түзүлгөн макулдашуу «өлкөнүн кызыкчылыктарына толук жооп бербейт» деген чечим чыгарып, аны кайра карап чыгууну сунушташкан. Centerra Gold Inc. компаниясы менен Кыргызстандын өкмөтүнүн ортосундагы узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин 2017-жылы Стратегиялык келишимге кол коюлган