«Кулдай иштейт, жек көрүнөт». Орусиялык укук коргоочу мигранттар жөнүндө эмне дейт?

Мигранттарга жардам көрсөткөн «Тонг Жахони» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Валентина Чупик Орусия Борбор Азия республикаларына визалык режимди киргизсе эмне болорун айтып берди жана мигранттар — «кылмыштын негизги булагы» деген «жөө жомокту» жокко чыгарды. Укук коргоочу «Новая Газета» басылмасына бул тууралуу маек курду.

Ошондой эле, ал бийлик тарабынан киргизилүүчү болжолдуу жаңычылдыктардан улам мигранттардын жашоосу кыйындаганын айтып, орусиялыктардын Борбор Азиянын өкүлдөрү «бөтөн маданиятты» жайылтат деген коркунучу тууралуу пикирин бөлүшкөн.

«Клооп» укук коргоочунун маегиндеги урунттуу учурларды тизмектеди.

Визалык режим

Чупиктин айтымында, Орусия Борбор Азия республикаларына, мисалы Өзбекстанга эле визалык режимди киргизе турган болсо, мигранттар оңой эле башка өлкөлөргө жумуш издеп кетет. Ал эми Орусиянын өзүндө жумушчу күчү тартыш болуп калат.

«Москвалыктар буга чейин көрүп койгон окуялар кайталанат — чыгарылбаган таштандылар, кир баскан көчөлөр, тазаланбаган жолдор. Бул жумуштарды аткара турган эч ким жок калат. Дүкөндөрдө товарлар начар тизилет, текчелерге чириген жер-жемиш толуп калат, талааларда иштей турган эч ким калбагандыктан айыл-чарба продукциясы да жетпей калат. Курулуштун сапаты начарлайт, баалардын баары өсүп кетет […] Мындан тышкары, Өзбекстанда орус тили унутта калат, ансыз деле анын учурдагы абалы жакшы эмес.

«Миграция ансыз деле болот, болгону ал көп акча иштеп табууга боло турган Орусияга багытталбайт, дагы көп нерсе, биринчи кезекте пара берүүгө туура келет. Адамдар эмитен эле башка өлкөлөргө кете баштады» , — деп эсептейт ал.

Укук коргоочунун айтымында, виза идеясы «эгер ал Орусия менен байланышпаса» анчалык деле жаман эмес.

«Кептин баары, Орусияда бардык нерсе сатылганында. Эгерде Африка өлкөлөрүн ала турган болсок, бул жакта (Орусияда) жүргөн африкалык мигранттын кимисинен сураба, визаны сөзсүз сатып алган болот. Ал маектешүүгө барган эмес, ортомчулар аркылуу сатып алган. Бул кадимки эле көрүнүш, ар бир катардагы мигранттын деңгээлинде башка жолу жок», — деп айткан ал.

Укук коргоочунун ою боюнча, визалык режимди киргизүү «коррупциянын гүлдөп өсүшүнө» алып келет.

«Анын үстүнө визаны ала турган мигранттар, учурда визалык режимдеги өлкөлөрдөн келген мигранттардай эле бул жерде мыйзамсыз түрдө кала беришет. Демек, өлкөдө мыйзамсыз жайгашкандан кийин, алар мыйзамдуу түрдө иштей алышпайт жана салык төлөбөй калышат. Мигранттар бюджетке мунайзат иштетүү тармагы менен барабар өлчөмдө салык төгүшөт», — деп ал айтып берди.

Мигранттардын арасындагы кылмыштуулук

Укук коргоочу билдиргендей, мигранттар 2021-жылдын январь-февраль айында бардык кылмыштардын 1,9%ын кылышкан, ошол эле учурда алар Орусияда калктын 7,6%ын түзөт.

«Эгерде мигранттардын арасындагы жана орусиялыктардын арасындагы кылмыштуулуктун катышын карасак, анда биз миграттар төрт жарым эсе аз кылмыш жасаганын көрөбүз. Ошол эле кезде бул кылмыштардын негизги бөлүгү — бул билип туруп жараксыз документтерди колдонуу. Бул аргасыздан жаралган абал, анткени орусиялыктар мыйзамсыз миграциянын уюштуруучулары, себеби алар батирлерин ижарага берип, ал жерде мигранттарды каттоого албай жоопкерчиликтен кутулушууда. Бул коррупциянын кесепети», — деп белгилейт ал.

*«ПСП-фонд» кайрымдуулук фондунун Эмгек мигранттары жана этникалык азчылыктар менен иштөө боюнча эксперти Андрей Якимов «Новая газетага» курган маегинде билдиргендей, Орусиянын Башкы прокуратурасынын маалыматына ылайык, 2020-жылы жалпысынан 2 миллиондон ашуун кылмыш жасалган.

Алардын ичинен чет элдик жана жарандыгы жок жарандар тарабынан (бул категория өзүнө тышкы эмгек мигранттарын камтыйт) болгону 34 400 кылмыш жасалган, бул жалпы кылмыштын 1,7%нан кемин түзөт. Ошол эле кезде 2020-жылы Орусиянын аймагында 9,3 миллионго чукул чет элдик болгон, бул жалпы орус калкынын болжолу менен 6%ын түзөт.

«Кесе айта турган болсок, Орусияда кылмыштын 98,3%ы Орусиянын жарандары тарабынан жасалат. Ар кайсыл аймакта абал башкача болушу мүмкүн. Ошол эле Москвада мигранттар жасаган кылмыштардын пайызы жогору болушу ыктымал, анткени бул жерде Орусиянын башка шаарларына салыштырмалуу эмгек мигранттарынын саны көп», — деди ал.

Кесиптер үчүн күрөш

Чупиктин ою боюнча, мигранттар үчүн кесип тандоодо жасалма чектөөлөр болбошу үчүн күрөшүш керек. Анын айтымында, мындай чектөөлөр коррупцияга себеп болот.

«Мисалы, Орусияда таксисттерге чет элдик айдоочулук күбөлүк менен иштегенге тыюу салынган. Мамлекеттик жана башка купуялуулукту алып жүрө турган кесиптерден тышкары башка кесиптерге коюлган чектөөлөрдү алыш керек. Тверь облусунда мигранттар үчүн 38 кесипке тыюу салынган. Ал жакта мигрант, мисалы, жеке менчик ээсинин үйүндө бакчы да, бала багуучу да, картаң жана башка ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдары карап иштөөгө да болбойт. Эмне үчүн андай? Ал жакта участкалык милиционер кыдырып, акча чогултат, анткени жогору жакка акча төгүп турушу керек. Мунун баары коррупциялык жол менен коррупция үчүн курулган», — дейт ал.

Орусияда мигранттарга карата киргизиле турган ыктымалдуу өзгөртүүлөр

Чупиктин айтымында, Орусияда мигранттардын жашоосуна барандуу таасир тийгизе турган бери дегенде эки документ даярдалууда. Биринчи документ — Пандемия убагында чет элдик жумушчу күчтөрдү алып келүү тартиби.

«Визалык режим — кул эмгеги дегенге барабар болуп калат. Жумушчулар массалык борбордоштурулган түрдө ташылып келет. Мында мигрант эки жума карантин сактоого дуушар болот — бул убакта анын патент алып иштөөгө укугу жок болот. Жумуш берүүчү аны тамак-аш, жата турган жер менен камсыз кылышы керек. Жашоо шарттары, тамак-ашы кандай болорун баарыбыз эле элестетип турабыз. Мигрант өзү каалаган турак-жайга жайгашууга жана каалагандай азыктанууга да укугу жок болот».

Ал өзүнө өзү патент толтура албайт, аны жумуш берүүчү ишке ашырат. Андан соң мигранттын айлыгынан кармап алат. Кандай ойлойсуз, жумуш берген адам жумушчунун айлыгынан патенттин наркын гана кармап калабы? Мен маянасынан үч эсе көп кармап калабы деп чочулайм.

Полицияга мигранттарды алып кирүүгө өтүнүч келтирген жумуш берүүчүлөрдө гана чет элдик жумушчу күчү болушун көзөмөлдөө милдети тапшырылган. Ал жумушчу менен эмгек келишим токтотулгандан кийин, жумуш берүүчү өз каражатына мигрантты өлкөдөн чыгарышы керек. Ошол эле учурда жумуш берүүчүлөргө мигранттардын эсебине аларды өлкөдөн чыгаруу үчүн акча салып коюуга уруксат берилген», — дейт Чупик.

Экинчи документ — бул Орусиянын ИИМине караштуу Миграция маселелери боюнча башкы башкармалык даярдап жаткан мыйзам долбоору. Ал жылына жалпы эсептегенде 31 күндөн ашыгыраак өлкө аймагына кирген мигранттарга тиешелүү.

«Мигрант электрондук чип менен жабдылган ID-картаны алышы керек болот. Бул чипти ГЛОНАСС (Глобалдык навигациялык спутник системасы) аркылуу карап турса болот. Аны кабыл алуучу тарап миграциялык борбордо каттоого алат. Турак жайды ижарага берген чыныгы үй ээлери мигрантты эч качан каттоого алышпайт. Бул жерде кара ниет аткаминерлер үчүн курсакты кампайтуунун кандай гана сонун булагы жаралып жатканын элестетип көрсөңүз. Мигрантты кадимки дарек боюнча эмес, ГЛОНАСС координаталары боюнча катташат. Мигрант уруксат берилген координаталардын чегинен тышкары чыгып кетсе, ага айып салынат» — деди ал.

Мигранттар жумуш орундарын ээлеп алып жатабы?

Анын айтымында, жалпы алып караганда, мигранттар Орусиядан пандемияга чейин жана доллардын куну кескин көтөрүлүп кеткенде эле кете баштаган.

«Мигранттар үчүн иштөө экономикалык жактан майнапсыз болуп калган. Ошондуктан алар массалык түрдө чыгып кетишти», — деди ал.

Укук коргоочу мигранттардын кетүүсү алардын ордуна орусиялыктарды табуу канчалык кыйын экенин көрсөткөнүн белгилейт.

«Бул орусиялыктар адатта салыштырмалуу жакшы билим алганынан улам болду. Алар өздөрү алган билим деңгээлинде короо шыпыргыч же кыш кыноочу болуп иштөөгө болбойт деп ойлошот. Ошондой эле, орусиялыктардын орто жашы мигранттардан бир топ улуу», — деди Чупик.

«Бөтөн маданият»

Чупиктин пикиринде, маданиятын жоготуп алуу коркунучу түптүү элдерге эмес, аз сандагы элдерге мүнөздүү.

Аз сандагы элдер саны кыйла эле көп падышалыктардын жанында жашашат, ошондуктан акыркылары аларды жок кылып коёт деп коркушат. Бирок качандыр бир кезде империя болгон Орусияда бул жаатта өзүн «бирөөнүн колониясы» катары алып жүрүүдө.

«Орусиялыктар бөтөн маданият алардын маданиятын байытпайт, сөзсүз талкалайт деп коркушат. Бул өтө терең орусиялык көрүнүш [...]. Бир кездерде Өзбекстан деле империя сымал өлкө болчу. Бирок өзбек элине маданияты үчүн чочулоо мүнөздүү эмес. Алар иденттүүлүгүн жана маданиятын жоготуп алуудан таптакыр коркушпайт [...].

КМШ чөлкөмүндө маданиятын жоготуп алуудан кыргыздар гана коркот. Алар маданиятын кимдир бирөөлөр жок кылып кетет деп бекем ишенишет. Казактар тилинин жок болуп кетүүсүнөн коркушат, бирок маданияты үчүн кабатыр болушпайт [...]. Орусия бул жаатта өзүн кимдир бирөөнүн колониясындай жана кимдир бирөө Орусияны эзип жаткандай, метрополия сыяктуу алып жүрөт. Өзбекстан метрополия катары Орусияны колония сыяктуу эзип жатат», — дейт ал.

Мигранттар жана пандемия

2020-жылы коронавирус пандемиясы кулач жайып, Орусияда буга байланыштуу киргизилген чектөөлөрдүн кесепетинен көптөгөн мигранттар жумушсуз калышты. Натыйжада мигранттардын бир бөлүгү, алардын ичинде кыргызстандыктар да мекенине кете башташкан.

Бирок, чек аралар жабылып калып, өлкөлөр ортосунда учак учпай калганда мекенге кайтуу абдан татаалдаган. Кыргыз өкмөтү мекендештерди, негизинен кары-картаңдарды, аялдарды жана балдарды чартердик учактар менен алып келген.

2020-жылдын октябрь айында, Орусиянын Стратегиялык иштеп чыгуулар борбору (Российский Центр стратегических разработок (ЦСР)) Орусиянын бизнес-чөйрөсүн изилдөө боюнча онлайн-презентацияда пандемия маалында мигранттарды иштеткен компаниялардын 40%ы жумушчу күчүнүн агып кетишине туш болгону тууралуу билдирген.

Москванын мэри Сергей Собянин дагы октябрда шаарда жумушчулар жетишсиз экенин айткан — анын маалыматына караганда, 2020-жылдын октябрына карата, эмгек мигранттарынын саны 40%га төмөндөгөн. Мындан улам борбор калаа бийлиги «кара жумушка» өлкөнүн аймактарынан келген орусиялыктарды тарткан. Анткени «москвалыктардын баары эле колуна күрөк, шыпыргы же муз чаккыч алууга макул эмес».

Ошондой эле, Москванын курулуш тармагында он миңдеген жумушчулар жетишсиз болгон — бул жумуштарда мурда мигранттар иштешчү. Ал эми 2020-жылдын 16-декабрында ИИМ өлкөдө мигранттардын саны эки эсе кыскарганын билдирген болчу — ал учурда Орусияда 6,3 млн мигрант болгон. Ошол эле кезде ар башка убактарда Орусияда мигранттардын саны 9 млндон 11 млн адамга чейин жетип турат.

Орусиянын Курулуш министрлиги 17-декабрда курулуштарда иштеген мигранттар үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин жөнөкөйлөтүүнү сунуштаган. Мекемеден билдиришкендей, декабрь айынын башында 77 региондун 50сүндө курулуш объектилеринде иштей турган жумушчулар жетишсиз болгон.

2020-жылы Орусияда 700 миң кыргызстандык эмгек мигранты катталган, ал эми 2019-жылы алардын саны 1 миллиондон ашчу.

Тема боюнча:

Карантинде көрүңүз. Москвадагы мигранттардын жашоосу

Карантинде көрүңүз: Оренбургдагы мигранттардын чатыр лагери

«Депортациялаймын». Москвада теле алып баруучу кыргыз мигрантын ашата сөктү

«Бир маал тамактанабыз». Орусиядан мекенине кайта албай жаткан кыргыз мигранттары

Мигранттарга каршы акциялар жана текшерүүлөр. Жергиликтүү тургун зордукталгандан кийин Якутияда эмне болуп жатат?

Күндүн саны: Өткөн жылы кыргызстандык мигранттар өлкөгө канча акча которушкан?

Кыргызстан мигранттардын акчасына жан багат, бирок аны коротконду билбейт