«Нооруз 2021»: Көк-бөрү мелдешинде «Ынтымак» командасы жеңди

21-мартта Чолпон-Атада көк-бөрү боюнча «Нооруз 2021» республикалык мелдеши аягына чыкты. Бул Нооруз майрамына карата жыл сайын өткөн мелдеш, анын финалы дайыма 21-мартта өткөрүлөт.

Таймаш эки лигага бөлүнөт — Жогорку лига жана Биринчи лига. Бул жылы мелдеш 17-мартта башталды.

Жогорку лигада Талас облусунун «Ынтымак» командасы жеңишке жетти. Алар Ош облусунун «Достук» командасын 6:5 эсебинде буллит эрежеси менен утуп чыгышты.

Сүрөт: Көк-бөрү федерациясы

Биринчи лигада Талас облусунан келген «Кара-Буура» командасы жеңип, Жогорку лигага өттү. Ал Ысык-Көлдүн «Жети-Өгүз» командасын 2:1 эсебинде жеңген.

Сүрөт: Көк-бөрү федерациясы

Мелдештин мыкты оюнчулары деп Жогорку лигада «Ынтымактын» оюнчусу Нуржан Мелисбек уулу жана Биринчи лигада «Кара-Буура» командасынан Ариет Төлөнов аталды. Аларга акчалай сыйлык тапшырылды.

Жогорку лигада мыкты оюнчу наамын «Достуктун» Шахмат аттуу аргымагына ыйгарышты, ал эми Биринчи лигада «Жети-Өгүздүн» Чемпион аргымагы жеңди. Алардын ээлерине да акчалай сыйлык берилди.

Көк-бөрү — кыргыз улуттук ат оюну. Эреже боюнча, оюнчулар улакты талашып, аны атаандаштарына тарттырып жибербей, каршы команданын тай казанына ташташы керек.

2017-жылы ЮНЕСКО көк-бөрүнү адамзаттын материалдык эмес мурастар тизмесине киргизген.