«Электр станциялар» ААКнын сайтындагы маалыматка ылайык, 22-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8,826 млрд метр кубга азайган.
Ошол эле учурда, суткасына суу сактагычка орто эсеп менен 100 метр куб суу агып келип, 400 метр куб чыгып жатат.
Токтогул суу сактагычындагы суунун максималдуу көлөмү — 19,5 млрд метр куб. 17 млрд деңгээл «нормалдуу» деп саналат, андан ылдыйлаганда электр кубатынын подстанцияларына ашыкча жүктөм алып келип, жарык өчүп калышы мүмкүн.
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азайып кеткени тууралуу Улуттук энергохолдингдин башчысы Бакыт Сыдыков февраль айында эле айта баштаган. Ал күз-кыш мезгилине карата, электр энергиясын колдонуу боюнча 2020-жылы Кыргызстан туу чокусуна жетип калганын айткан. Анткени жыл сайын табигый өсүү жүрүүдө — жаңы ишканалар жана турак үйлөр эксплуатацияга берилип жатат. Мындай жыл сайын өсүүнүн өлчөмү — 4%-5%ды түзөт.
Анда Сыдыков суунун сарпталышынан улам, 1-апрелге карата суу сактагычтагы суунун көлөмү болжол менен 8,5 млрд метр кубга түшөт деп билдирген. Ал эми өкмөт эч кандай чара көрбөсө, 2022-жылдын апрель айында суунун көлөмү 5,5 млрдга төмөндөп кетүү коркунучу бар.
Президенттик шайлоодо талапкерлигин койгон Аймен Касенов да Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азайып кеткендигине байланыштуу маселени көтөрүп чыккан. Ошол кезде, суу сактагычтагы суунун көлөмү 7-8 млрд м3, ал эми «критикалык деңгээл» — 6 млрд м3 түзгөн. Анын айтымында, мындай учурда өлкө алааматтын алдында болуп калышы мүмкүн.
Бирок, ошондо Улуттук энергохолдинг Касеновдун сөзүн төгүндөп, суунун деңгээли ошол кезде 11 млрд м3 түзгөнүн билдирген.
Кыргызстандагы энергетикалык кризис
Кыргызстандын энергетикалык тармагында каатчылык биринчи жолу келип чыккан жок. Өлкөнү бозгун президент Курманбек Бакиев башкарып жаткан кезде суунун деңгээли төмөн болгондуктан, аймактарда кезек-кезеги менен электр энергиясы өчүрүлгөн. Жарыкты маал-маалы менен өчүрүү Бакиевдин рейтингин ого бетер түшүргөн, ал ансыз деле башка факторлордон улам, мисалы коррупция менен рейдерлик басып алууларга байланыштуу төмөндөгөн.
2010-жылдагы революциядан кийин, өлкө бийлиги суу сактагычта суунун деңгээли төмөндөгөнүнө карабастан, жарандарга электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоону убада кылышкан. Ошол эле кезде, 2020-жылдын декабрь айында суу сактагычта суунун деңгээли 13 млрд метр кубду түзгөн.
Анда вице-премьер-министр Равшан Сабиров электр энергиясын колдонуу жогорулагандыктан көмөк чордондорго күч келип жатканын, андыктан жарык автоматтык түрдө өчүп калышы мүмкүн экенин айткан. Ал эми «Электр станциялары» ААКтын башкы директору Жолдошбек Ачикеев Казакстандын энергосистемасындагы көйгөйлөрдөн улам электр энергиясын импорттоо келишими учурда толук көлөмдө аткарылбай жатканын билдирген эле.
Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров да «Казинформ» басылмасына курган маегинде Токтогул суу сактагычындагы суунун жетишсиздиги тууралуу сөз кылган. Жапаровдун айтымында, суу сактагычтагы абал «катастрофалык деңгээлге жете турган» болуп калган.
Өлкө башчы учурда Өзбекстан жана Казакстандан электр энергиясын импорттоо маселеси каралып жатканын билдирген.
«Эгер биз азыр сиздерден электр энергиясын албасак, анда бизге элибизди электр энергиясы менен өзүбүз камсыз кылууга туура келет. Бирок анда вегетациялык мезгилде суу эч кимге жетпей калат. Натыйжада Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли түшүп кетет», — деп түшүндүргөн президент.