Бишкекте 41 жаштагы аял киши өлтүрүүгө шектелип кармалды

Сүрөт: Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы

Чүй облусунун Москва районунда киши өлтүрүүгө шектелип 41 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы 23-мартта билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү менен маркум спирт ичимдигин ичип, андан кийин өз ара жаңжал чыккан.

«21-мартта саат 16:30 чамасында милицияга Бишкектин Беловодское айылында жайгашкан үйлөрдүн биринен эркек кишинин сөөгү табылганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. 52 жаштагы тургун киши колдуу болгону аныкталган», — деп билдиришти милициядан.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталып, тергөө амалдары уланууда. Шектүү Москва РИИБнин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Буга чейин Бишкекте «Киши өлтүрүүгө» шектелип эки селсаяк кармалган. Милициянын маалыматына ылайык, 1-мартта Чуйков көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин жанында белгисиз адамдын сөөгү табылып, ал жерге милиция кызматкерлери жөнөтүлгөн.

Соттук-медициналык эксперттер менен биргеликте жүргүзүлгөн сырткы кароо учурунда маркумдун башында жана чекесинде жаракат аныкталган. Маркум алган жаракаттарынан улам каза болгон.