Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасын талкулоо үчүн Ташкентке кетти

Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеген өкмөттүн делегациясы 22-мартта Өзбекстандын Ташкент шаарына учуп кетти. Ал жерде 24-25-март күндөрү кыргыз-өзбек чек арасынын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөт аралык сүйлөшүүлөр жүрөт.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, өзбекстандык делегацияны премьер-министр Абдулла Арипов жетектейт.

Буга чейин 12-мартта, президент Садыр Жапаров Өзбекстанга иш сапары менен барып, коңшу өлкөнүн башчысы Шавкат Мирзиёев менен жолугушкан. Эки өлкө башчы кыргыз-өзбек чек арасындагы негизги маселелерди үч айлык мөөнөттө чечүүнү макулдашкан болчу.

Ал эми УКМКнын төрагасы Ташиев жетектеген өкмөттүк делегация 18-мартта Тажикстандын Гүлистан шаарына барып, кыргыз-тажик чек арасын тактоо маселесин талкуулаган. Тажикстандын өкмөттүк делегациясын атайын кызматтын башчысы Саймумин Ятимов жетектеген.

Кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1 314 километрди түзөт — анын 1 170сы такталган болуп эсептелет. Ал эми 976 километр кыргыз-тажик чек арасынын 519унда гана делимитация жана демаркация иштери бүткөн, калган бөлүгү тактала элек.

Чек аранын аныкталбаган тилкесиндеги суу, жер ресурстарын пайдалануу, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланышкан чырдан улам чектеш айыл-кыштактарда кагылышуулар байма-бай болуп турат