«100 млн сом төлөп бермей болду». Бабановдун кылмыш иштери токтотулду

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго карата сотко чейинки өндүрүш иштери токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы 24-мартта маалымдады.

«Буга чейин Бабановго жана ага байланышы бар коммерциялык сруктураларга карата прокуратура жана тергөө кызматы тарабынан козголгон кылмыш ишин иликтөөдө мамлекеттин кызыкчылыгына жана жарандарга зыян келтирген фактылардын тастыкталбаганына байланыштуу өндүрүштөн кыскартылды», — деп жазылат УКМКнын маалыматында.

Мындан сырткары, Бабанов менен жүргүзлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, экс-премьер-министр мамлекеттик бюджетке өз калоосу менен колдоо максатында 100 млн сом которо тургандыгы белгиленген.

Өмүрбек Бабанов

Мурдагы депутат, премьер-министр жана президентикке талапкер Өмүрбек Бабановго 2017-жылы президенттик шайлоо убагында эки кылмыш иши козголгон. Шайлоодо бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбеков жеңишке жетишкенден кийин Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен. Андан соң саясаттан биротоло кеткенин жарыялаган.

Кийин ал кайтып келип, Атамбаев менен Жээнбеков тараптан үй-бүлөсүнө карата коркутуулар айтылгандыктан өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айткан. Саясатчынын айтымында, Кыргызстандан чыгып кете турган болсо иш кыскартылат деген шарт коюлган. Бабанов 2017-жылдан тартып Москвада жашап, эки жылдан соң саясатка кайтып келбейм деген убадасынан кийин кайтып келген.

Бабанов 2019-жылы 29-августтагы сурактан кийин УКМК менен Каржы полициясы сегиз кылмыш иши боюнча суракка алынып жатканын билдирген. Алардын ичинен төртөөсү боюнча финполдо, калгандары боюнча УКМКда көрсөтмө бергени кабарланган. Бирок финполдон кылмыш иштеринин так санын айтуудан баш тартышкан.

Бабанов 2020-жылдын октябрь айында саясатка аралашууга аракет кылып, премьер-министрлик кызматка барууга умтулган. Бирок 9-октябрда Садыр Жапаровдун тарапташтары менен кагылышуудан кийин артка чегинген. Андан соң Бабанов премьер-министрлик кызматка келген Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдоп чыккан. Ал эми саясатчынын «Республика» партиясындагы мүчөсү Руслан Казакбаев министрлер кабинетинин жаңы курамына Тышкы иштер министри катары кирген.

Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Каржы полициясы) үстүбүздөгү жылдын 5-мартында жоюлган. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол коюп, аталган кызмат талаптагыдай иштебегендигин айткан.