«Мекеме талаптагыдай иштеген эмес». Сыймык Жапыкеев жетектеген каржы полициясы жоюлду

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы жоюлду. Мындай чечим 5-мартта өкмөт тарабынан кабыл алынып, тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, көмүскө экономиканын деңгээли 130 миллиард сомду же ИДПнын 23,6% түзөт, ал эми көз карандысыз эксперттер көмүскө экономиканын үлүшү ИДПнын 24 пайыздан 43 пайызына чейин экендигин белгилешет — бул финансы полициянын кызматын талаптагыдай иштебегендигин кабар берет.

Ошондой эле, өкмөткө көз карандысыз эксперттерден, бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнөн коррупция жана жеке ишкердикке мыйзамсыз кийлигишүүсү боюнча нааразычылыктар келип түшкөн.

«Мыйзамга ылайык финпол экономикалык жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүүдөн тышкары алдын-ала божомолдоо, ички экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, жеке ишкердик субъекттеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого милдеттүү. Бирок бул кызмат аталган милдеттерди ишке ашыруу боюнча чараларды көрбөстөн, жазалоочу функцияларды гана аткарып келүүдө», — деп жазылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Финансы полициясын «Чоң Казат» партиясынын лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеев жетектеп келген. Жапыкеев аталган кызматка парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митингинен кийин 17-октябрда дайындалган болчу.

Жаңы өкмөт бекитилгенден кийин коомчулукта финполиция жоюлат же ИИМдин курамына кошулат деген кептер тараган. Ошол учурда Жапыкеев фейсбукта «финполду эл колдойт, финпол элге иштейт» деп жазган.

«Достор, барсыңарбы? Финполицияны жойгону жатышат, силер кандай ойлойсуңар? Что-то башкача кетип баратат... Достор, финпол жеңилип калабызбы?» — деп суроо салган Жапыкеев.

Бийлик алмашкандан кийин «Чоң-Казаттын» лидерлеринин бири Максат Мамытканов вице-премьер-министр кызматын аркалап келген. Бирок 3-февралда түзүлгөн жаңы өкмөттүн курамына Мамытканов кирген эмес. Улукбек Марипов баштаган өкмөттө вице-премьер-министр кызматы жоюлган болчу.

Тема боюнча:

Финпол жоюлуп, ИИМге кошулабы? Жапыкеев эмнеге нааразы болуп жатканын айтып беребиз