Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө 29-мартта башталат — ССМ

Калкты коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталат. Элге кытайдын Sinopharm вакцинасы сайылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Эмдөө эки жолу болот, аралыгы 25-28 күн. Вакцинациялоо ыктыярдуу түрдө жүрзүзүлөт. Жалпысынан эмдөө иши үч этап менен өтөт.

Биринчи этапта медицина, билим берүү, укук коргоо жана күч орган кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүү пландалууда.

Экинчи этапта вакцина өнөкөт оорулары бар адамдарга, калктын социалык аялуу катмарына, андан тышкары, 60 жаштан улуу адамдарга сайылат.

Жарандардын калган бөлүгүн эмдөө үчүнчү этапта жүргүзүлөт.

Эмдөөнүн баштапкы этабы Бишкек, Ош жана Чүй облусунда башталат. Бишкекте 5, ал эми Чүй жана Ош облустарында экиден эмдөө пункттары ишке киргизилет.

«Эмдөө документтерин илимий-техникалык эксперттер тобу тарабынан жактыруу процесси өтүп жатат. Республиканын бардык аймактарында эмдөөнү уюштуруу жана жүргүзүү боюнча медкызматкерлер үчүн окуу тренингдери өткөрүлүп жатат», — деп билдиришти ведомстводон.

Sinopharm жөнүндө эмне белгилүү?

Кыргызстанга COVID-19 илдетине каршы кытайлык Sinopharm вакцинасы 19-мартта келген. Жалпысынан өлкөгө акысыз 150 миң доза алынып келинген.

SinoPharm вакцинасы — бул инактивдештирилген (жансыз) вакцина. Аны жасоодо ооруну козгогуч вирус жана бактериал, болбосо аларга окшош, химиялык реагенттин же ысыктын жардамы менен өлтүрүлгөн микроорганизмдер колдонулат.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, SinoPharm вакцинасы менен Кытай, БАЭ, Түркия, Өзбекстан баштаган 65 өлкөнүн 12 млнго жакын жашоочусу эмделген. SinoPharm менен эмделгенден кийинки терс таасирлер катталган эмес.

Sinopharm вакцинасы 2020-жылдын декабрь айында катталган жана ал Кытайда катталган коронавируска каршы вакциналардын эң алгачкысы. Анын таасирдүүлүгү 79%ды түзөрү айтылган.