«Антителолору жетиштүү». Садыр Жапаров азырынча эмдөөдөн өтпөйт

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек мамлекет башчысы Садыр Жапаров эмне үчүн азырынча эмдөөдөн өтпөсүн түшүндүрдү.

Анын айтымында, лабораториялык кан анализдеринин изилдөөсүнө ылайык, Садыр Жапаровдо коронавирус инфекциясына каршы антителолор буга чейин бул илдетке кабылгандыктан жетиштүү көлөмдө табылган.

«Дарыгерлердин кеңеши боюнча учурда президентте эмдөөдөн өтүүнүн кажети жок. Эгерде убакыттын өтүшү менен антителолордун саны жоголсо же сезилерлик азайса, анда Садыр Жапаров коронавируска карата сөзсүз түрдө эмделет», — деп баса белгиледи Байтерек.

Буга чейин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Садыр Жапаров мурда коронавирус менен ооруп айыкканын жана анда «антителолордун деңгээли жакшы» — 9-9,5 — болгондуктан эмдөөдөн өтпөсүн билдирген.

Калкты коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталат. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев вакцинаны эң биринчи болуп сайдырат.

Ошондой эле, биринчи этапта медицина, билим берүү тармактарынын кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүү пландалууда. Вакцинациялоо ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.

Кыргызстанга COVID-19 илдетине каршы кытайлык Sinopharm вакцинасы 19-мартта келген. Жалпысынан өлкөгө акысыз 150 миң доза алынып келинген. Вакцинанын бул көлөмү 75 миң кишиге жетет, анткени бул препарат аралыгы 25-28 күн ичинде эки жолу сайылышы керек.