Жарандык активист Кундуз Ажибекова УКМКга сурак берди

Жарандык активист Кундуз Ажибекова 26-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына сурак берди. Ал сурак шайлоонун үгүт иштерине жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү аралашып жатканы тууралуу жазган посту боюнча болгонун айтты.

Активист УКМКга тиешелүү материалдарды да бергенин белгиледи.

Буга чейин Ажибекова Фейсбукта Бишкектеги №4 Муниципалдык аймактык башкармалыктын башчысы Бахтияр Канатбековго, анын орун басары Рыскул Турсукеевге жана Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаевге кайрылуу жасаган. Өз сөзүндө квартал башчыларын «Эмгек» саясий партиясына иштөөгө мажбурлабагыла деген. Болбосо фактыларды тиешелүү органдарга берерин жазган.

Кундуз Ажибекова КСДПнын өкүлү. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын бири.