Жазуучу жана журналист Бекбай Алыкулов дүйнө салды

Маркум Бекбай Алыкулов

Жазуучу жана журналист Бекбай Алыкулов 24-мартта узакка созулган оорудан улам каза болду. Ал 84 жашта болчу.

«Бекбай Алыкулов улутубуздун маданий жана руханий баалуулуктарын даңазалап, жаштарга тарбия берүүдө зор эмгек сиңирген инсан катары өмүр сүрдү. Адамгерчилиги бийик өз кесибинин мыкты адиси болгон жазуучу жана журналисттин үй-бүлөсүнө, туугандарына, жакын калемдештерине көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз», — деп эскеришти Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен.

Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Булак айылында туулган. Айлындагы орто мектепти аяктагандан кийин үч жыл Ленин атындагы колхоздо чабан болуп иштеген. 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Алыкулов эмгек жолун «Билим» коомунда методист болуудан баштаган. Андан соң 1967-жылы Кыргызстан керек-жарак союзунда китеп-соода бөлүмүнүн улук адиси, 1983-жылы «Советтик Кыргызстан» гезитинде атайын кабарчы болуп иштеген.

Кийинчерек «Кыргызстан» басылмасынын көркөм котормо бөлүмүнүн башчысы, 1988-жылдан тарта «Кыргызфильм» киностудиясында улук редактор, эки жылдан соң «Кыргызстан» басмасынын көркөм котормо бөлүмүндө улук редактор, «Чүй баяны» гезитинде, андан соң «Кыргыз Туусу» гезитинде маданият бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

Алыкулов алгачкы «Фонарь» деген аңгемеси 1957-жылы «Жаш Ленинчи» журналына жарыяланган. Ошондон баштап аңгеме-очерктери мезгилдүү басма сөз беттеринде жарыялана баштаган. Мындан сырктары, жазуучунун «Өмүрү өрнөк инсан», «Аккуулар кайтып келатат», «Балалык менен кездешүү» деген китептери жарыкка чыккан.

Автору: Гүлнур Чынгызова