Исхак Масалиев УКМКга «Белизгейт» иши боюнча сурак бергенин айтты

Исхак Масалиев

Экс-депутат Исхак Масалиев УКМКга кайсы иш боюнча суракка чакырылганын журналисттерге кабарлады. Саясатчынын айтымында, ал 2016-жылы болгон «Белизгейт» чыры боюнча күбө катары сурак берип чыкты.

«2016-жылы Абдил Сегизбаев Белиздеги офшорлор тууралуу документтерди жарыялап, менин ошол кездеги кесиптештерим Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова ага тиешеси бар болгондугун айткан. Мен ошондо ачык түрдө документтер күмөндүү жана анык эмес деген депутаттардын бири болгом», — деген пикирин «24.kg» басылмасы билдирген.

Буга чейин «Белизгейт» иши боюнча журналист Канат Каниметов күбө катары суракка чакырылган. Каниметов 2016-жылы КТРКда журналист болуп, бул чырды чагылдырып келген.

«Белизгейт» бул эмне?

2016-жылы күзүндө Алмазбек Атамбаев өлкөнүн конституциясына түзөтүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген. Бул чечимди «Ата-Мекен» фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов сынга алышкан.

Алардын президенттин дарегине айтылган сындарынан кийин ошол учурда УКМКнын башчысы болуп турган Сегизбаев Текебаев, Салянова жана Шыкмаматов «Мегаком» байланыш операторунун акцияларына ээлик кылышкан деп билдирген.

Сегизбаев далил катары Белиз өлкөсүнөн алынган делген документтерди көрсөткөн.

Депутаттар документтерди «өтө орой жасалмалоо» деп аташып, Сегизбаевди сотко да беришкен, бирок утулуп калышкан. Сегизбаевдин ордуна УКМКнын башчылыгына Идрис Кадыркулов келгенден кийин Белиздеги документтер атайын кызматка келбегени белгилүү болгон.

2021-жылы президенттик шайлоодо Садыр Жапаров жеңишке ээ болгондон кийин, Сегизбаев «Белизгейт» иши боюнча кармалган. Шайлоо учурунда ал дагы президенттикке талапкер болуп, атаандашы Жапаровду кескин сындаган. Жалпысынан Сегизбаевге карата алты кылмыш иши козголгон.

УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев 25-январда «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча, Алмамбет Шыкмаматов жана «башка адамдардын» кайрылуусунун негизинде кармалган. Сегизбаевдин жактоочусу «Белизгейт» боюнча бардык документтерди Атамбаев президент болгон кезде өткөрүп бергенин айтууда. Анткен менен 2016-жылы тескерисинче Сегизбаев документтерди таап, президентке өткөрүп берген деп чагылдырылган.

Сегизбаевдин жактоочусунун айтымында, ал «генерал жана УКМКнын башчысы катары өзүнүн тике начальниги жана башкы колбашчынын буйругун аткарбай коё алган эмес», ошондуктан «кызматтын кызыкчылыктарына каршы эч нерсе кылган эмес».