Ташиев коррупционерлер тууралуу: «Төлөсө — коё беребиз, төлөбөсө — мажбурлайбыз»

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев тигил же бул аткаминердин жасаган коррупциялык иштеринин зыяны өлчөнүп, ал жоопко тартыларын 26-мартта өткөн басма сөз жыйында айтты. Ал андан сырткары коррупция жана мыйзамсыз баюуга шектелген аткаминерлер бюджетке келтирген зыянды ордуна койгону үчүн бошотулуп жатканын кабарлады.

«УКМКнын башында мен турам, демек УКМКнын бир дагы кызматкери коррупционерлерден пара албайт. Биз коррупционерлерди эмне кылышыбыз керек? Коррупциянын зыянын өлчөп, иш козгоп, жоопкерчиликке тартабыз. Кийинчерээк алар келтирген зыянды бюджетке төккөндө биз аларды тергөө менен кызматташуу келишимге ылайык коё беребиз. Башка жолу жок. Ал төлөсө — коё беребиз, төлөбөсө — мажбурлайбыз», — деди Ташиев.

Ошондой эле Ташиев УКМКнын тергөө абагында 70 гана орун бар экенин айтып, көп адамды камоого болбойт деп кошумчалады.

«4 млрд сом чогулттук»

Камчыбек Ташиевдин айтымында, УКМК коррупцияга айыпталган аткаминерлерден 4 млрд сомго чукул өндүрдү.

«Учурда 4 млрд сомго чукул чогулттук, күн сайын төгүлүп жатат. Кечээ ошол эле [депутат Марат] Аманкулов бир бөлүгүн төктү. Жакын арада ал канча төлөгөнүн айтабыз. Жакында судья 70 млн сом төлөдү. Мына Бабанов 100 млн сом төлөдү, биз аны бюджетке жардам берүүнү суранганбыз. Ушуну менен күн сайын бюджетке биздин коррупционерлерден ондогон, жүздөгөн миллиондор түшүп жатат [...] Бул каражаттар бизде калбайт, биз тыйынына чейин бюджетке которобуз. Ал жерден Каржы министрлиги каалагандай кылып бөлүштүрөт», — деди Ташиев.

*Жогорку Кеңештин депутаты жана «Биримдиктин» мурдагы төрагасы Марат Аманкулов «Мыйзамсыз баюуга» шектелип жатат. УКМКнын маалыматы боюнча Аманкулов жана анын туугандарынан 1,5 млрд сомдук мүлк катталган. Ал эми 70 млн сом төлөп үй камагына чыгарылган Жогорку соттун судьясы бул Камил Осмоналиев — ал дагы «Мыйзамсыз баюуга» шектелип жатат.

Ал эми журналисттер Бабанов бюджетке которгон каражаттар «мамлекетке берилген пара эмеспи» деген суроону узатты. Ташиев Бабановго карата козголгон иш Каржы полициясынан УКМКга келип, эки-үч айлык текшерүүлөрдүн натыйжасында кылмыштын курамы аныкталбаганын билдирди.

«Биздин тергөөчүлөр ушундай чечим чыгарышты. Бул жерде жеке Бабановдун же анын туугандарынын эч кандай мындай бир эч кимге чоң зыян алып келгени аныкталган жок. Эми Бабанов менен сүйлөштүк — бюджетке жардам берди. Ким берем десе баш тартпайбыз [...] Себеби Өмүрбек Токтогулович колунда бар, мүмкүнчүлүгү бар жигит. Мамлекетке жардам берди, эч кандай УКМКга берген жок», — деди Ташиев.

Мындан сырткары Ташиев дагы бир коррупционер 1 млрд сомдук зыянды бюджетке төгүп жатканын айтып, бул боюнча кийинки жумаларда толук маалымат берилерин айтты.