«Сүмөлөк алып келдим». Ошто 80 жаштагы пенсионерди тоногон аял изделүүдө

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарынын Салиева көчөсүндөгү үйдөн 20-март күнү 80 жаштагы байбичени тоноп кетти делген аял изделүүдө. Бул тууралуу Ош ШИИБинен билдиришти.

Жабырлануучу «Клоопко» билдиргендей, болжол менен саат 17:00дөр чамасында анын үйүнө белгисиз аял Нооруз майрамы менен куттуктап келген. Аял пенсионерге «сүмөлөк алып келгенин» айтып, анын үйүнө кирген.

Андан соң кандай дарыларды ичип жатканын сурап, ага «кофе даярдап берген». Мындан улам пенсионер аны үй-бүлөлүк медайым деп ойлогон.

«Мен “Ротавит Кардио”, “Карметадин” дарыларын көргөздүм. Ал мага “Ротавит Кардиону” ичкенге болбойт деп айтты. Анан мага өзү алып келген кофеге порошокко окшогон бир нерсени аралаштырып даярдап берди. Бир аздан кийин “кроватка жатыңыз, бутуңузду укалап берем” деп укалай баштады. Андан аркысын билбейм», — деди ал.

Пенсионер ойгонгондо чогулткан 10 миң сому жоголгонун айткан. Ошондой эле, анын кошунасы да ошол күнү болжол менен 35 жаштагы аял алар жашаган үйдүн подъездине кирип кеткенин тастыктады.

Ал шектүү аял бир сааттан кийин үйдөн чыгып кеткенин кошумчалаган.

«Биз кошуналар менен отурганбыз. Анда спорт аянтчасы тараптан, кара узун юбка, “GUCCI” аттуу италиялык фирманын спорт костюмун кийген, уйгур же өзбек улутуна окшош аял кирип кетти. Мен жаңы кошуна келген го деп ойлогом», — деди ал.

Ош ШИИБинен аталган факты «Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо» беренеси менен катталганын билдиришти. Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.