Беш өлкө Кыргызстанга болгон туруктуу аба каттамдарын көбөйттү

Беш өлкө Кыргызстанга туруктуу аба каттамдарын көбөйттү. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

ОАО МАМ: ОТЛИЧНАЯ НОВОСТЬ ДЛЯ ПАССАЖИРОВ! С 28 МАРТА УВЕЛИЧИВАЕТСЯ КОЛИЧЕСТВО РЕЙСОВ! Рады сообщить, что с открытием...

Опубликовано Международный аэропорт Манас Воскресенье, 28 марта 2021 г.

Ага ылайык, 28-марттан тартып төмөнкү багыттар боюнча авиакаттамдардын саны өстү:

Түркияга:

Turkish Airlines — Стамбул — Бишкек — Стамбул — жумасына 12 жолу.

Pegasus — Стамбул — Бишкек — Стамбул — жумасына 14 жолу; Анталия — Бишкек — Анталия — жумасына 3 жолу.

Казакстанга:

Air Astana — Алматы — Бишкек — Алматы — жумасына 10 жолу.

Бириккен Араб Эмираттарына:

Fly Dubai — Дубай — Бишкек — Дубай — жумасына 7 жолу.

Май айынан тарта, бул маршрут боюнча туруктуу рейстердин саны дагы 7ге көбөйүшү болжонууда.

Өзбекстанга:

Uzbekistan airways — Ташкент — Бишкек — Ташкент — жумасына 3 жолу.

Кытайга:

China Southern Airlines — Үрүмчү— Бишкек — Үрүмчү — жумасына 7 жолу.

Каттамдардын тизмесин «Манас» аэропортунун сайтынан көрүүгө болот. 

«Манас» аэропорту авиабилеттерге коюлган бааларга эч кандай таасир кыла албасын жана аларды жөнгө сала албасын белгилейт. Көптөгөн багыттар боюнча авиабилеттердин баасы коронавирус пандемиясы башталгандан кийин киргизилген чектөөлөрдүн кесепетинен эселеп өсүп кеткен.