Эпидкырдаал кооптуу. Бишкекте балдар аянтчалары 1-апрелден тартып жабылат

Борбор калаада эпидемиологиялык абал курчуп жаткандыктан Бишкек мэриясы жаш балдарды коргоо чараларын кабыл алды. Бул тууралуу 30-марттагы брифинг учурунда айтылды.

Ага ылайык, 1-апрелден тартып Бишкектеги бардык соода борборлорундагы балдар аянтчалары эки жумага жабылат, ошондой эле балдар үчүн оюн-зоок жайлары ишин токтотот.

«Өзүңөр билгендей, соода борборлорунда балдар абдан көп жүрөт. Биз алардын ден соолугунан кабатыр болуп жатабыз. Андыктан балдар аянттары эки жумага жабылат. Бул чукул чара. Биз эпидемиологиялык абал курчуп кетпейт деп үмүт кылабыз. Абал туруктуу болсо кайрадан ачылат», — деди Чыныбаева.

Ошондой эле, мэриядан 6, 7, 8 жана 10-класстардын окуучуларын 1-апрелден тартып офлайн окутуу чечими дагы артка жылганын кошумчалашты.

Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал

Бийлик коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкуну келе жатат деп бир нече жолу билдирген. Күн сайын медиктер COVID-19 жуктуруунун 100дөгөн учурун аныктап жатышат. Адатта оору жуктургандардын көпчүлүгү Бишкек шаары жана Чүй облусунан катталууда.

20-мартта Республикалык штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков бардык деңгээлдеги медициналык мекемелер COVID-19 дартына кабылган бейтаптардын санынын көбөйүшүнө даяр болушу керек деп билдирген.

«Абал курчуп кетсе, бардык күч жана каражаттардын иштөө алгоритми даяр турушу керек. 1-апрелде саламаттык сактоо тармагынын бардык мекемелери кычкылтек берүү тутумуна кошулушу керек, ал эми алыскы жана жарым стационардык медициналык мекемелер кычкылтек концентраторлору менен жабдылышы зарыл», — деген ал.

27-мартта Новиков Республикалык штабдын отурумунда азырынча өлкөдө чектөө чаралары көрүлбөй турганын, бирок коомдук жайларда коопсуздуктун санитардык нормалары күчөтүлөрүн кабарлаган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 30-мартка карата сутка ичинде COVID-19 жуктуруунун 113 жаңы учуру катталган. Анын ичинде Бишкекте — 61 жана Чүй облусунда — 44.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 88 276 киши коронавирус жуктуруп алган, 1498 киши бул илдеттен каза тапкан.