Башпрокурордун орун басары Жаманбаева отставкага кетип, ордуна Рысбек Альчиев келди

Президент Садыр Жапаров башкы прокурордун орун басары Жамиля Жаманбаеванын отставкасын кабыл алды. Ал өз арызы менен жумуштан кеткен.

Ошол эле күнү Жапаров бул кызматка Рысбек Альчиевди дайындоо тууралуу буйрукка кол койду.

Жамиля Жаманбаева деген ким?

Жаманбаева юстициянын I-класстагы кеңешчиси чининин ээси, прокуратура органдарында жыйырма жылдан ашуун иштеген. Бул убакыт аралыгында Жаманбаева Бишкектин Октябрь, Свердлов райондорунда, Бишкек шаардык прокуратурасында иштеген. Ошондой эле Токмок шаарынын прокурору болгон.

2016-жылдан баштап, Жаманбаева Башкы прокуратуранын кадр резервинде болгон, 2018-жылы ал Кыргызстандын Башкы прокурорунун орун басары болуп дайындалган.

Рысбек Альчиев деген ким?

Бул киши тууралуу маалыматтар аз. Ал 2017-жылы Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары болгону, бул кызматка чейин Ысык-Ата районунун прокурору болуп иштегени маалым. Бир катар ЖМКлар берген маалымат боюнча, 2018-жылы Альчиев кызмат ордунан кол жууп калган, ошол кездеги башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов аны коллегиянын отурумунан кийин жумушунан бошоткон.