Биринчи май райондук салык башкармалыгында коррупциялык схема аныкталды — УКМК

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Салык кызматынын Биринчи май райондук башкармалыгында туруктуу коррупциялык схеманы тапты. Бул тууралуу коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызматтардын маалыматы боюнча, Салык кызматынын Биринчи май району боюнча башкармалыгынын жетекчиси Тунукбек Бектуров кол алдындагы кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, «маселени оң жагына чечип берүү» үчүн ишкерлерден байма-бай пара алып жүргөн.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө УКМК кызматкерлери пара алуу жана аны кол алдындагы инспекторлор менен бөлүшүү фактыларын кылмыш үстүндө катташкан.

Бектуров 30-мартта кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Видео: УКМК басма сөз кызматы

«Ишкерлерден пара талап кылуу жана алуу боюнча ушул сыяктуу коррупциялык схемалар салык кызматынын башка аймактык бөлүмдөрүндө да иштейт», — деп комитеттин басма сөз кызматында билдиришти.

УКМК мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз иш-аракеттерине кабылган жарандарды бул боюнча дароо аларга кайрылууга чакырат.

2020-жылдын сентябрь айында Салык кызматынын Ленин району боюнча бөлүм башчысы кармалган. Финпол аны кыргыз жарандарынын атына патенттерди мыйзамсыз берүүгө айыптаган. Патенттер жарандарга алардын уруксаты жана катышуусу жок берилген.