Экс-министр Чолпонбаевдин баш коргоо чарасы жеңилдетилди

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин бөгөт чарасын сотко чейинки жана соттук өндүрүш бүткүчө үй камагынан эч жакка кетпөө жөнүндө тилкатка өзгөрттү.

Райсоттон мындай чечим 26-мартта Чолпонбаевдин ден соолугуна байланыштуу чыгарылганын «Клоопко» маалымдашты.

Космосбек Чолпонбаевдин иши

Космосбек Чолпонбаев 2018-жылдан 2020-жылга чейин саламаттык сактоо министр болуп эмгектенген. Ал буга чейин Кыргызстандын Фармацевтикалык биримдигинин төрагасы болчу.

Коопсуздук кеңештин өлкөдөгү коронавирус пандемиясына талаптагыдай даярдык көрүлбөгөнү боюнча айыптардан кийин экс-президент Сооронбай Жээнбеков аны 1-апрелде министрлик кызматтан алган. Ал эми 15-сентябрда финпол аны пандемия маалында кызматтык абалынан кыянат пайдаланууга жана шалаакылыкка шектеп кармаган.

17-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-министрди тергөө изоляторуна эки айга — 15-ноябрга чейин киргизүү чечимин чыгарган. Анда Башкы прокуратура Чолпонбаев «мамлекеттин кызыкчылыгына каршы консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө контракт түзүп, андан улам мамлекеттик бюджетке 65 миллион сомго жакын суммада зыян келтирген» деп билдирген. Отурумдан кийин Чолпонбаев журналисттердин суроосуна өзүн күнөөлүү деп эсептебесин айткан.

Космосбек Чолпонбаев 22-октябрда №1 тергөө абагынан миокард инфаркты менен ооруканага жеткирилген, 13-ноябрда жүрөгүнө операция жасалган. Кийинчерээк ал 2021-жылдын 15-мартына чейин үй камагына которулган.