Башкы прокуратура Ош аэропортун оңдоо иштери 3,4 млн сомго ашыкча бааланганын аныктады

Ош эл аралык аэропорту

Башкы прокуратура Ош эл аралык аэропортунун учуп конуу тилкесин жана учак токтоочу жайын оңдоп-түзөөдө мыйзам бузуулар болгонун аныктады.

Көзөмөл органдын маалыматына ылайык, аэропорттун жетекчилиги «курулуш жана инерттик материалдарын тийиштүү эсептик иш кагаздары жок» кабыл алышкан.

«Ош эл аралык аэропортунун перронун реконструкциялоо боюнча аткарылган курулуш иштерин мыйзамсыз кабыл алышкандыгынын натыйжасында, курулуш компаниясы тарабынан аткарылган иштеринин көлөмү жана материалдарынын наркы 3,4 млн сомго ашыкча бааланып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталды», — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Ошондой эле Башкы прокуратура курулуш иштери Ош облусунун экотехинспекция башкармалыгынын талаптарын бузуу менен аткарылганын кабарлады. Мындан сырткары аэропорттун перронундагы айрым жерлеринде асфальт-бетондук катмар сапатсыз төшөлгөнү маалымдалды.

*Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтында, 2020-жылдын сентябрь айында Ош эл аралык аэропорту «учуп-конуу тилкесин жана перронду» оңдоо үчүн 1 млн 773 миң сомго конкурс жарыялаган. Конкурсту «Сын-Таш» ЖЧКсы утуп алган.

Бул факты боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Коммерциялык же башка уюмдагы ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен сотко чейинки өндүрүш ачылды. Ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө башкармалыгы тергейт.