Радиожыштыктар чыры: Черногубова менен Жылышбаевге 260 миң сомдон айып салынды

Наталья Черногубова

Бишкектин Биринчи май райондук соту 31-мартта Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы башчысы Наталья Черногубова менен Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин экс-башчысы Максат Жылышбаевди коррупция боюнча күнөөлүү деп тапты. Аткаминерлерге 260 миң сомдон айып салынды.

Черногубова менен Жылышбаев 2020-жылдын 12-майында жана 16-июнда радиожыштыктарды сатууга байланыштуу иштин алкагында кармалган. Аткаминердин экөөсү тең үй камагында болгон.

Максат Жылышбаев

Радиожыштыктарын сатуу иши

Мамлекеттик байланыш агенттигиндеги коррупция фактысын 2020-жылдын апрелинен тарта Аскер прокуратурасынын тергөө тобу менен УКМК териштирип жатат.

Бул иш боюнча 2020-жылдын 12-майында Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы башчысы Наталья Черногубова кармалган — ал «уюлдук байланыш оператору жана МТ жана БМКнын жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, андан кийин уюлдук байланыш операторлорунун биринин лицензиясын байланыш стандарттары өзгөргөнүнө байланыштуу кайра каттаган» деп шектелген.Анын артынан эле УКМКнын эки жана МТ менен БМКнын эки кызматкери, андан тышкары, «Ала-ТВ» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Артур Халдаров кармалган. Ал эми 15-декабрда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысынын орун басары Азамат Араевди кармаган.

Азамат Араев

2020-жылдын декабрь айынын башында Черногубованын жана кылмыш ишинин дагы бир нече фигурантынын бөгөт чаралары өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган.

Кийинчерээк радиожыштыктарды сатууга ошол учурда өкмөт башчысы болуп турган Мухаммедкалый Абылгазиевдин да катыштыгы бар деген маалымат тараган — Абылгазиевди Жанар Акаев айыптап чыккан. Ал премьер-министрден Мамлекеттик байланыш агенттигиндеги радиожыштыктарды сатуу боюнча коррупцияга аралашпаганын далилдөөнү талап кылган.

Мухамедкалый Абылгазиев

Депутаттын айтымында, Темир Сариев премьер-министр болуп турганда 15 МГц аукциондо 1 млрд 500 миң сомго сатылган, ал эми Абылгазиевдин учурунда 200 МГц 700 сомго сатылган.

Абылгазиев тергөөгө басым кылуууга айыптоо болбосун деп, чуунун артынан эмгек өргүүсүнө чыккан, андан кийин отставкага кетип калган. Абылгазиев бул иште фигурант болуп-болбогону расмий түрдө айтылган эмес.