Райымбек Матраимов «Бикард» клиникасынан №47 түзөтүү колониясына которулду

Райымбек Матраимов

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 1-апрелде бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов №47 түзөтүү колониясы которулганын кабарлады. Ал буга чейин «Бикард» жеке клиникасында дарыланып жаткан.

Атайын кызмат Матраимовду «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого» шектеп кармаган. Буга чейин экс-бажычы «Коррупция» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 260 миң сомдук айыпка жыгылган.

Ал эми Матраимов УКМКнын тергөө абагына киргизилгенден бир апта өтпөй ден соолугу начарлап, ооруканага жаткырылган. Ал эми УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 26-марттагы басма сөз жыйында экс-бажычы «бир аптадан кийин өзүнө келээрин» билдирген.

Матраимов которулган №47 түзөтүү колониясында учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да отурат — сот аны 7-апрелге чейин камакта калтырды. Атамбаев криминалдык төбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши боюнча айыпталгандардын бири.

Мурдагы президент буга чейин бир тууган Матраимовдордун бирөөсү экс-президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы кампаниясын каржылаган деп ишара кылган. Анткен менен Жээнбеков Атамбаевдин «мураскору» болуп эсептелет.

Мындан сырткары бул абакта «Кылмыштуу уюм түзүү же ага катышууга» жана «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого» шектелген кримтөбөл Камчы Көлбаев да отуруп чыккан. Бирок Көлбаев мамлекетке 50 млн сом төлөп, 3-мартта эч жакка кетпөө шарты менен коё берилген.

Матраимов деген ким?

Райымбек Матраимов эки жылдан ашык — 2015-жылдан 2017-жылга чейин — кыргыз бажысынын төрагасынын орун басары болгон. Бирок ал бажы түзүмдөрүндө ал 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон.

Абдукадырдын үй-бүлө кланы Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Борбор Азия өлкөлөрүнө мыйзамсыз жүк ташып жаткан чакта Матраимов бул схеманын бузулбай иштешине жардам берип, бул үчүн үй-бүлөсүнүн кайрымдуулук фондунун эсебине «кайыр садага» алып турган. Журналисттер бул схема аркылуу Кыргызстандан 700 млн сом чыгарылып кеткенин далилдешкен.

Матраимов жана анын туугандары коррупциялык схемалардын арты менен канча акча табышканы эмдигиче так белгилүү эмес. Бирок анын үй-бүлөсүнүн күтүүсүз (жана мыйзамсыз) байыганы айдан ачык билинген. Мисалы, журналисттер Кыргызстандын аймагында да, чет өлкөлөрдө да Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык кымбат мүлктөрдү табышкан. АКШда Матраимов менен анын жубайы «Магнитский тизмесине» киргизилген.

Матраимовдордун кланы кыргыз саясатына чоң таасир эткен — анын улуу агасы Искендер Матраимов парламенттин депутаты. Аларга байланыштуу «Мекеним Кыргызстан» партиясы 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен.

Бирок, нааразы болгон жарандар Ак үйдү басып алышкандан кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Митингдин чыгышына шайлоодо админресурс колдонулганы, ошондой эле шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жана бурмалоолор болгону себеп. Көбүнчө добуш сатып алууга дал ушул «Мекеним Кыргызстан» партиясын айыпташкан.