Көлбаев 50 млн төлөп абактан чыкты, дагы 200 млн төлөйт. УКМКнын түшүндүрмөсү

Камчы Көлбаев

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети криминалдык төбөл Камчы Көлбаев эмне себептен №47 колониясынан бошотулганын түшүндүрүп берди. Бишкек шаардык соту Көлбаевди 2-мартта эч жакка кетпөө шарты менен бошоткон.

«УКМК тарабынан Камчыбек Асанбекке [Көлбаев] карата “кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу” фактысы боюнча козголгон дагы бир кылмыш ишинин алкагында келтирилген чыгымдын суммасы 250 миллион сомдон ашык. Шектүүнүн туугандары депозиттик эсепке 49,6 миллион сом которушкан. Калган сумманы Камчыбек Асанбек 2021-жылдын апрелинин аягына чейин мамлекеттик бюджетке төлөшү керек», — деп кабарлады атайын кызматтан.

Соттун чечимине ылайык, Көлбаев жашаган жеринен — Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынан — чыгуусуна бөгөт коюлган. Тергөө органдары кримтөбөлгө эгерде ал эч жакка чыкпоо шартын бузса ага карата «мындан да катуу бөгөт коюу чарасы колдонуларын» эскертти.

Анткен менен Көлбаевге башка кылмыш иши да козголгон — ал «Кылмыштуу уюм түзүү же ага катышууга» шектелип жатат.

Көлбаев 2020-жылдын 22-октябрь күнү «Авангард» спортклубунда кармалып, тергөө аяктаганга чейин УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген. Көп өтпөй ал «ден соолугуна байланыштуу» №47 колониясына которулган.

«Коля-киргиз»

Көлбаев криминалдык дүйнөдө «Коля-киргиз» каймана аты менен таанымал. Ал 2008-жылы «таажыланып», «мыйзамдагы ууру» аталган — бул кримчөйрөдө эң жогорку статус болуп эсептелет. Көлбаевди «таажылаган» криминалдык төбөлдөрдүн арасында белгилүү Аслан Усоян («Дед Хасан») жана Вячеслав Иваньков («Япончик») да болгон.

Бишкек шаардык соту 2013-жылы Көлбаевди «Опуза талап» кылганы үчүн үч жылга эркинен ажыраткан. Бирок ал 2014-жылы мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

2012-жылы АКШнын президенти Барак Обама эң чоң баңги төбөл катары Көлбаевди «кара тизмеге» киргизген. Ал эми 2017-жылы болсо АКШнын Финансы министрлиги да аны «кара тизмеге» киргизип, Көлбаевди «Братский круг» эл аралык кылмыштуу топтун бир бөлүгү деп билдирген.

2018-жылы жайында Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө боюнча борбордун (OCCRP) иликтөөчү журналисттери Көлбаевдин Дубайдагы батирин табышкан. Алардын маалыматы боюнча, кримтөбөл Dubai Marina районунда Bahar 1 көчөсүндө кыймылсыз мүлк сатып алган — ал жактагы мүлктөрдүн баалары 400 миң доллардан 700 миң доллларга чейин жетет.