Депутат Дастан Жумабековдун иниси УКМКнын Бишкектеги башкармалыгын жетектейт

УКМКнын Бишкектеги башкармалыгын Салмоорбек Жумабеков жетектейт. Бул тууралуу «Азаттык» басылмасы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматына таянып жазды. Бирок УКМК азырынча эч кандай комментарий бере элек.

Салмоорбек Жумабеков УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү тармагында түрдүү кызматтарды аркалаган. 2019-жылдын декабрь айында Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын биринчи башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган. Кээ бир ММКдын маалыматына ылайык Орусиянын чалгындоо академиясынын бүтүрүүчүсү.

Ал белгилүү хирург, Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун директору, академик Сабырбек Жумабековдун уулу. Ал эми Сабырбек Жумабеков Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабековдун бир тууган агасы.

Ошондой эле Салмоорбек Жумабеков бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовду кармоого катышкан ыкчам кызматкерлердин бири. Экинчи кызматкер — Азамат Осмонов, кээ бир маалыматтарга ылайык ал Райымбек Матраимовдун өкүл баласы.

Сүрөт: УКМК. Жумабеков алдыңкы катарда, сол жактан үчүнчү.

Андан тышкары, Жумабековдун энеси Роза Жумабекова менен Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунованын бирге эс алып жүргөн сүрөттөрү тараган. Анда эс алуучулар жүргөн жер Дубай деп болжолдонгон.

«Абдан жакшы эже-курбум менен эс алууда», — деп жазган Тургунова сүрөттүн алдына.

Сүрөт: Уулкан Тургунованын социалдык тармактагы барагынан

Дагы окуңуз: «Супер эс алуу!» Бажычынын байманасы ашып-ташыган жашоосу