Басым, репрессивдик кадамдар. «5-каналдын» жааматы Сулаймановду кетирүүнү талап кылышууда

«5-каналдын» жамаатынын жырымынан көбү жаңы дайындалган жетекчи Рахат Сулаймановду кызматтан алууну талап кылышууда. Жамаат анын ордуна кызматкерлердин кызыкчылыгын коргогон, иш-билги жетекчи дайындоону талап кылышууда. Бул тууралуу «Клоопко» каналдын жаңылыктар бөлүмүнүн продюсери Шайырбек Эркин уулу билдирди.

Ал ошондой эле, кайрылууга кол коюп берген айрым кызматкерлерди жетекчилик кысымга алып жатканын айтты.

«Негизинен бизди жамааттын 70-80 пайызы колдоодо. Бирок алардын айрымдары кысымдан коркуп, позициясын ачык айта албай жатат», — деди ал.

Каналдын жамаатынын атынан бийлик өкүлдөрүнө кайрылууну Эркин уулу фейсбук баракчасына чыгарды. Анда кызматкерлер Сулаймановду психологиялык басым жасоого, репрессивдик кадамдарга барууга, айлыкты себепсиз кыскартууга, коллективди бөлүп жарууга айыпташкан.

*Рахат Сулайманов 12-январда «Бешинчи каналдын» директору болуп дайындалган. Ал буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз катчысы болуп иштеген.

Кайрылуу өлкө башчысы Садыр Жапаровго, премьер-министр Улукбек Мариповго, Маммүлктүн башчысы Мирлан Бакировго жана маданият министри Кайрат Иманалиевге 5-апрелде жолдонду.

Анда жаңы жетекчи коллектив менен кеңешпей туруп оптимизация долбоорун бекитип салганы айтылат. Анын айынан көпчүлүк кызматкерлер айлыгы алгач айтылгандан көп суммага кыскарып кеткенин маяна алганда гана билишкен.

Бийликтегилерге жолдонгон кайрылууда Сулайманов кызматкерлердин айлыгын эки жолу кыскартып, айрымдарынын маянасы 30-40 пайызга азайган.

«Эки кыскартуу тең кызматкерлерге суммасын айтпай кол койдуруп алуу менен жасалган. Бул жерде биздин Конституциялык укугубуз жана Эмгек кодексинин талаптары одоно түрдө бузулган. Мындан сырткары бул иште “өзүм билемдик”, “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” деген кылмыш беренелеринин элементтери бар деп эсептейбиз», — деп айтылат билдирүүдө.

Айлыктар азайгандыктан 7-8 кызматкер дагы жумуштан кеткени айтылат.

Андан сырткары кайрылууда Сулайманов эч кандай муктаждык жок болсо да «аткаруучу директор», «жооптуу редактор» деген жаңы орундарды ачып, телевидение боюнча түшүнүгү жок «өз кишилерин» алып келгени жазылган.

«Мурда бир эле башкы продюсер жасап келген ишти 3-4 адам аткарып, тек гана буйрук берген чоңдор көбөйдү. “Өз кишилерге” очойтуп, өзүнчө бирден бөлмө берилип, карапайым кызматкерлер муздак, шарты жок бөлмөлөрдө тыгылып отурат», — деп жазылат кайрылууда.

Ошол эле учурда, «аталган каналда бир күн да иштебей, бирок штаттык орунга кирип, айлык алып жүргөн адамдар бар экени аныкталганы» кайрылууда баса белгиленген.

Каналдын жамааты Сулайманов жетекчи болуп келери менен эл көп көргөн бир катар берүүлөрдү өзүм билемдик менен токтотуп, айрымдарын кыскартып салганына нааразы болушкан. Андай программалардын катарында «Ойбүгүн», «Күнөзөк», «Учурда», «Бешинчиде бешөө» берүүлөрү бар.

«Кылдан кыйкым издеп...»

Кайрылууда учурда цензуралык саясат жүрүп жатканы, бир беткей берүүлөр гана эфирден берилип жатканы айтылат. Андан сырткары сын айткан кызматкерлерге психологиялык басым жасалып атканы жазылган.

«Ага сын айткан кызматкерлерге психологиялык басым жасоо менен кылдан кыйкым издеп, улам бирине түшүнүк кат жаздырууга өттү. Кызматкерлерди “өз” жана “бөтөн” деп бөлүү менен тандалма жасалган мындай репрессивдик кадамдар жамаатта жагымсыз атмосфера жаратып, ички интриганы күчөтүүдө», — деп жазылат кайрылууда.

Ушундай жагдайлардан улам каналдын жамааты Сулаймановдун редакциялык жана кадрдык саясатына каршы болуп, аларга жаңыча ой жүгүрткөн, заманбап медианы түшүнгөн, жамаат менен эсептешип иш кылган, калыс жана акыйкат жетекчи бекитип берүүнү өтүнүшүүдө.

Эгер алардын талаптары аткарылбаса иш-таштап, митинг-пикетке чыгып, нааразылык акцияларына барууга аргасыз болорун билдиришкен.

Кайрылууда каналга жылына 20 млн сом бөлүнөрү, бирок анын бардыгы кызматкерлердин айлык-акысына кетери жазылган. Быйыл жыл башында өкмөт тараптан бир жылга бөлүнгөн акчаны үнөмдөп жеткирүү менен оптимизация жасоо талабы коюлган.

Каналдын директору Рахат Сулайманов менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Анын кабыл алуусунда отургандар «ал жыйында экенин, бошору менен өзү байланышат» деп ишендиришти.

«Президенттин аппараты ЖМКлардын ишине кийлигишип жатат»

«Бешинчи каналдын» мурдагы жетекчиси Эрнис Кыязов кызматтан алынгандан кийин президенттин аппараты ЖМКлардын ишине кийлигишип жатканын айтып чыккан.

Кыязов андан сырткары Рахат Сулаймановго дагы кайрылып, «Досум, бардык башкы директорлорго ак үй тараптан айтылчу сөз сага да айтылат, баары бир "аны кыл, муну кылба!" дешет» — деп жазган. Ошондой эле, алар КТРКнын журналисти болуп жүргөндө, Ак үйдөн келген «аны кыл, муну кылба» деген кептер үчүн кыжыры келип жүргөн күндөрүн эске салган.

Кыязов «Бешинчи каналды» эки жыл башкарган. Жаңы директор дайындалганга чейин, Кыязовдун айтымында, аткаминерлер аны бийликке көз карашы түз эмес делген депутат Садык Шер-Ниязды жана судья Клара Сооронкулованы эфирге чакырганы үчүн жемелешкен.

Ошондой эле Каныбек Осмоналиев жана Жеңиш Молдокматов эфирге чакырылган – жогоруда аты аталган саясатчылардын бардыгы Садыр Жапаровго сын көз караш менен мамиле кылышкан.

Молдокматов түз эфирде Жапаровго ачуу сын айткан – Кыязов ошол күнү эле Ак үй жөн калтырбасын түшүнгөн. Молдокматов өзү Жапаровдун тарапташтары аны коркутуп-үркүтүп жатышканын айткан.

Кыязов президенттин басма сөз кызматы эфирде пикирлердин плюрализми берилгенин жактырган эмес деп эсептейт. Ал бир нече жолу «Апта сереп» көрсөтүүсүн алып барганын айтат.

«"Садырлап" кыйкырган тараптардын жакшы жактарын айтканым ак үйдөгү медиа "катталарга" өтө жагыптыр да, а кемчилик жактарын калемпирлеп айтканым такыр эле жакпай көбүнүн мага карата итатайы тутулуптур. Гендиректор экенин унутуп, өзүн журналист сезип, жетекчилик кызматынан, эфиринен пайдаланып "тигини жакшылап атат… аркыны жамандап атат" деген жалаа кепке калбайын деп, "Апта серепке" чыкмайды да дароо токтотком», – деген ал.

«5-канал» 2007-жылы негизделген. Телеканал 2010-жылы толугу менен Мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүлгөн.

ТЕМА БОЮНЧА

«5-каналдын» экс-башчысы президенттин аппараты ЖМКлардын ишине кийлигишип жатканы тууралуу айтып берди