«5-каналдын» экс-башчысы президенттин аппараты ЖМКлардын ишине кийлигишип жатканы тууралуу айтып берди

«Бешинчи каналдын» мурдагы директору Эрнис Кыязов президенттин жана өкмөттүн аппараты ЖМКнын ишмердүүлүгүнө кийлигишип жатканы тууралуу фейсбукта кенен пост жазган.

«Досум, бардык башкы директорлорго ак үй тараптан айтылчу сөз сага да айтылат, баары бир "аны кыл, муну кылба!" дешет» — деп жазган ал телеканалдын жаңы башчысы Рахат Сулаймановго. Ошондой эле алар КТРКнын журналисти болуп жүргөндө, Ак үйдөн келген «аны кыл, муну кылба» деген кептер үчүн кыжыры келип жүргөн күндөрүн эске салган.

Телеканалдын жаңы башкы директору болуп УКМКнын басма сөз кызматынын башчысы Рахат Сулайманов дайындалганы 12-январда белгилүү болгон.

Кыязов «Бешинчи каналды» эки жыл башкарган. Жаңы директор дайындалганга чейин, Кыязовдун айтымында, аткаминерлер аны бийликке көз карашы түз эмес делген депутат Садык Шер-Ниязды жана судья Клара Сооронкулованы эфирге чакырганы үчүн жемелешкен. Ошондой эле Каныбек Осмоналиев жана Жеңиш Молдокматов эфирге чакырылган – жогоруда аты аталган саясатчылардын бардыгы Садыр Жапаровго сын көз караш менен мамиле кылышкан.

Молдокматов түз эфирде Жапаровго ачуу сын айткан – Кыязов ошол күнү эле Ак үй жөн калтырбасын түшүнгөн. Молдокматов өзү Жапаровдун тарапташтары аны коркутуп-үркүтүп жатышканын айткан.

Кыязов президенттин басма сөз кызматы эфирде пикирлердин плюрализми берилгенин жактырган эмес деп эсептейт. Ал бир нече жолу «Апта сереп» көрсөтүүсүн алып барганын айтат.

«"Садырлап" кыйкырган тараптардын жакшы жактарын айтканым ак үйдөгү медиа "катталарга" өтө жагыптыр да, а кемчилик жактарын калемпирлеп айтканым такыр эле жакпай көбүнүн мага карата итатайы тутулуптур. Гендиректор экенин унутуп, өзүн журналист сезип, жетекчилик кызматынан, эфиринен пайдаланып "тигини жакшылап атат....аркыны жамандап атат" деген жалаа кепке калбайын деп, "Апта серепке" чыкмайды да дароо токтотком», – дейт Кыязов.

Ал өкмөттүн жана президенттин аппараты ишине ичи чыкпай жүргөнүн байкаганын айтат.

«Менин жетектөө тушумда, саясий окуяларды берүүнүн балансы өтө супер идеалдуу болду деп айта албайм, бирок жок эле дегенде ошол балансты сактоого, колдон келсе андан да сапатын арттырууга духуң жетет деп ишенгим келет», – деп кайрылган Рахат Сулаймановго.

Ошондой эле Кыязов президенттик шайлоодо алдыга чыккан Садыр Жапаровго кайрылган. Жапаровго бийликтин кысмагынан улам ал Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур болгонун, бардык мамлекеттик каналдар аны «эл душманы» деп көрсөткөнүн эсине салган. Ал кезде Кыязовго саясатчынын агасы Сабыр Жапаров кайрылган. Ал «Кумтөр» тууралуу чындыкты элге жеткирүү үчүн фильм тартып, интернет аркылуу таратууга жардам бер деп Кыязовдон суранган.

Кыязов ушундай кордукту башынан өткөргөн Жапаров, мамлекеттик ЖМКлардан өзүнүн таандаштарына карата андай мамилени талап кылбашы керек деп эсептейт.

Кыязов 2017-жылы ошол кездеги куугунтукта жүргөн Садыр Жапаров менен маегин жарыялаган – ал үчүн коркутууларга да кабылган.

«Интернеттен Садыр Жапаров менен болгон маектерим, ажого сын айткан "Багыт", "Сөз ирмем" деген көрсөтүүлөрдү жарыялоону, фейсбукка ой пикир жазууну токтотушум керек экен», — деп жазган ал.

Ал кезде Жапаров Кыргызстанга кайтып келип, кармалып, журналист опузага кабылганга чейин бир нече күн мурун ТИЗО-1де кан тымыры кесилген абалда табылган.

Эрнис Кыязов деген ким?

Журналист Эрнис Кыязов 20 жылдан ашуун бул тармакта эмгектенип келет. 1997-жылы «Кыргыз Руху» гезитинде журналист катары иштеп баштаган. Андан соң КТР (азыркы КТРК), КООРТ телеканалдарында иштеген.

2005-жылы парламенттин басма сөз кызматын башкарган, бирок көп өтпөй телеге кайтып келип, автордук программасын алып бара баштаган. ЭлТРде жаңылыктар кызматынын продюсери болгон, кийин Ош шаарындагы телерадиокомпанияны жетектеген.

2015-жылы НТС каналында ток-шоу алып бара баштаган, бир жылдан кийин ислам тууралуу агартуучулук сайтын негиздеген.

2018-жылы бийликке Сооронбай Жээнбеков келгенден кийин Кыязов «Бешинчи каналга» башкы директор болуп дайындалган. Ал келгенден кийин мурдагы директор Евгения Бердникова жана шеф-редактор Дмитрий Ложников жумуштан кеткен – алар Алмазбек Атамбаев менен байланышы бар «Апрель» каналын негиздешкен.

2019-жылы Эрнис Кыязов менен Элнура Алканова «Бешинчи каналда» контр иликтөө чыгарышкан – ал «Азаттыктын» Матраимовдор кланы жана бажыдагы коррупция тууралуу иликтөөсүнө реакция болгон.