Рахат Сулайманов «5-каналдын» жетекчиси болуп дайындалды

Рахат Сулайманов

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов «5 каналдын» башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу каналдын кызматкерлери «Кабар» басылмасына билдиришти.

Сулайманов 12-январда Мамлекеттик мүлк фондунун кызматкерлери тарабынан «5-каналдын» жаматына таныштырылды. Буга чейин телеканалды Эрнис Кыязов жетектеп келген — ал бул кызматка 2018-жылы дайындалган.

«5-канал» 2007-жылы негизделген. Телеканал 2010-жылы толугу менен Мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүлгөн.