Чыгаан журналист жана жазуучу Жаркын Темирбаева дүйнө салды

Жаркын Темирбаева

Белгилүү журналист жана жазуучу Жаркын Темирбаева 3-апрелде узакка созулган оорудан улам дүйнө салды. Ал 66 жашта эле.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги журналисттин элесине некролог жарыялады. Анда Темирбаева аймактагы жергиликтүү элдин социалдык турмушуна, аялдардын укуктарына байланышкан көйгөйлөрдү көтөрүп чыккан журналист катары таанылган деп жазылат.

Жаркын Темирбаева Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Тоо-Дыйкан айылында туулган. Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде (мурдагы КМУ) журналистика адистиги боюнча билим алган.

Алгачкы эмгек жолун райондук «Өзгөн нуру» гезитинде кабарчы катары баштап, редакторлукка чейин жеткен. 1990-жылдардан тартып «Азаттык» радиосунда эмгектенип баштаган. Журналист залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдон жана «Азаттык» радиосунун Азамат Алтайдан алган маектери менен элдин эсинде калды.

Эмгек жолунда Темирбаева «Зындан» аттуу эркин гезитин чыгарган. Анда бейкүнөө соттолгондордун, өлүм жазасына тартылгандардын укуктары боюнча маалыматтарды, маектерди жана бейнелерди чыгарып турган.

Ошондой эле, Темибаеванын «Жаныбек казы», «Ай ыйлаган түн» чыгармаларынын автору.

2010-жылы журналист «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы» берилген. Мындан сырткары, ага 2013-жылы «Азамат Алтай» эл аралык коомдук фондунун сыйлыгы ыйгарылган.