Нурбек Абдиев ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды

Нурбек Абдиев

Премьер-министр Улукбек Марипов ички иштер министринин орун басарлыгына Нурбек Абдиевди дайындады. Аталган кызматты аркалаган Мирлан Каниметов өз арызынын негизинде иштен бошотулду.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Абдиевди 4-апрелде борбордук аппараттын өздүк курамына тааныштырды.

«ИИМдин башчысы билдиргендей, Нурбек Абдиевдин жеке профессионалдык сапаттары, билими жана тажрыйбасы жаңы кызмат ордуна толук жооп берет. Ошондой эле жаңы орун басарына ишине ийгиликтерди, кызматтык милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылууну каалады», — деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Абдиев 2018-жылдан тарта ИИМдин криминалдык милиция кызматын жетектеп келген. Ички иштер министринин жаңы орун басары эмгек жолун 1999-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата РИИБсинде ыйгарым укутуу опер катары баштаган. Ал «Эрдик» мамлекеттик медалынын ээси.