Сот экс-вице-мэр Алымкуловду эки айга тергөө абагына камакка алды

Мурдагы вице-мэр Азиз Алымкулов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу «Клооптун» кабарчысына Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Соттон билдиришкендей, Алымкулов боюнча чечим 2-апрелде чыккан. Мурдагы вице-мэр борбор калаанын №1 тергөө абагында 2021-жылдын 31-майына чейин камакта болот.

Буга чейин, 31-мартта Аскер прокуратурасы Алымкуловду жана УКМКнын бир кызматкерин кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланууга шектеп кармаган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалгандар өздөрүнө байланыштуу кишилердин атына жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө жол-жоболоштуруу максатында Бишкек мэриясынын айрым кызматкерлерин кысымга алышкан. Алымкулов 2021-жылдын февраль айында кызматынан бошотулган.

Анда мэриядан Алымкулов башка жумушка өткөнүнө байланыштуу кызматынан кеткени кабарланган, бирок кайсыл кызматка которулганы так айтылган эмес.