Ысык-Көлдөн Бишкекке кыз ала качкан шектүү кармалды

Бишкек шаарынын патрулдук милиция башкармалыгы кыз ала качкан шектүүнү кармады. Башкармалыкка 2-апрель күнү түңкү саат 23:40тар чамасында кыз ала качуу боюнча маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге патрулдук милиция кызматкерлери келгенде, аларга 1996-жылы туулган айым арыз менен кайрылган. Арыз ээси аны чала тааныш жаран достору менен Ысык-Көлдөн Бишкекке ала качып келгенин билдирген.

Милиция кызматкерлери ала качууга шектүү деп 1999-жылы туулган жаранды кармашкан. Андан соң бул окуя Октябрь райондук ички иштер бөлүмү тарабынан КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Кыргызстандагы кыз ала качуу

Статистикага ылайык, Кыргызстандагы ар бир 17-кыз эркине каршы ала качылган.

Ал эми Жазык кодексинде «Үйлөнүү максатында адам уурдоо» беренеси боюнча кармалган жаран 5 жылдан 7 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Жашы жете электерди ала качкандар 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, 200 миң сом айып төлөшү керек.

Ала качууга дуушар болгон кыз-келиндер көп учурда үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чегип, өздөрүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, укуктары тепселенет.

Коомдо Бурулай Турдалы кызынын киши колдуу болгону резонанс жараткан. Аны 2018-жылы бир эле киши эки ирет ала качкан. Экинчи жолкусунда эркек кишини милиция кармап, РИИБге камакка алган. Ал ал жактан кызды өлтүрүп салган.

Свердлов райондук соту аны күчөтүлгөн тартиптеги колонияга 20 жылга кесип, жабырлануучунун үй-бүлөсүнө 800 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген. Ал эми кыздын өлүмүнө жол берген милиционерлерге санкциялар колдонулган.