Жапаров Башкы штабды 7 күн жетектеген Тердикбаевге генерал-майор наамын берди

Президент Садыр Жапаров 3-апрелде Баткен облусундагы Бүжүм аскер полигонуна барып кайтты. Ал жерде аскердик машыгуулар болуп өттү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

Машыгуулардын аягында Жапаров жакында эле Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси болуп дайындалган Эрлис Тердикбаевге салтанаттуу түрдө генерал-майор наамын ыйгарды.

Президенттин буйругу менен Тердикбаев 29-мартта Таалайбек Өмүралиевдин ордуна кызматка келген. Өмүралиевге карата батирлерди мыйзамсыз бөлүштүрүү иши боюнча 5 млн сом айып салынган.

Ошондой эле башкы кол башчы өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевге мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси чининин күбөлүгүн, эми Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаевге 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси чининин күбөлүгүн тапшырды.

Оңдо Өмүрбек Суваналиев.
Оңдо Рыскелди Мусаев.

Мындан тышкары, бир катар аскер кызматкерлерге президенттин энчилүү кол сааттары тапшырылды.

Президенттик аппараттын маалыматына ылайык, иш-чарага Орусиянын, Казакстандын, Беларустун, Тажикстандын, Улуу Британиянын жана Пакистандын аскер атташелери чакырылган.

Жалпысынан алганда, «Коопсуздук — 2021» жана «Калыптандыруу Түштүк — 2021» биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык машыгууларга 2 миңден ашуун аскер кызматкери тартылган.

Суваналиев деген ким?

Өмүрбек Суваналиев 2021-жылдын 15-февралында өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Октябрь окуяларына чейин, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматын ээлеген, бирок 10-октябрда ал кызматынан кеткен.

Шайлоодон кийинки саясий кризис учурунда, «Ак үй» басылып алынгандан кийин Суваналиев өзүн күч органдарынын координатору деп жарыялаган. Кырдаал турукташа баштаган соң, 9-октябрда аны УКМКнын кызматкерлери атайын органдын имаратынан чыгарып салышкан

Мындан тышкары, Суваналиев 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында бийликчил партиялардын артында кримтөбөл Камчы Көлбаев турат деп жар салган. Бийликчил партиялардын катарына Суваналиев «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Замандаш» партияларын киргизген.

Мусаев деген ким?

Рыскелди Мусаев — Жапаровдун айылдашы. Экөө тең Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кең-Суу айылында туулган.

Мусаев 2020-жылдын 27-октябрында Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалган. Мурда бул кызматты Кеңешбек Дүйшөбаев ээлеп турган. Аны Сооронбай Жээнбеков отставкага кетер алдында дайындаган.