Жапаров жыл аягына чейин памирлик кыргыздардын баарын көчүрүп келүүнү көздөйт

Президент Садыр Жапаров Ооганстандан Ош облусунун Алай районунун Талды-Суу айылына көчүп келген памирлик кыргыздар менен жолукту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

«Памирлик кыргыздардын кыйынчылыктары мени дайыма тынчсыздандырып келет. Мен аларды тарыхый Мекенине толугу менен көчүрүп келүүнү көптөн бери каалап келгем, эми ушул тилектеримди ишке ашырууга ниеттенип жатам», — деди Жапаров.

Президентин басма сөз кызматы Жапаров көчүрүп келип жайгаштыруу мерчемделип жаткан Памирде калган оогандык кыргыздарга Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылындагы Бурган-Суу участкасына турак жайларды куруу долбоору менен таанышканын кабарлады.

«Памирлик кыргыздар менен болгон баарлашууда Садыр Жапаров калган ооган кыргыздарын ушул жылдын кыш мезгилине чейин өз мекенине көчүрүү ниети жөнүндө айтты — бул үчүн мамлекетте жетиштүү күч жана каражаттар бар», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, Жапаров памирлик кыргыздардын көнүшүп кетүү көйгөйүн жеке көзөмөлүнө алды. Ал жер которгон адамдарды жылуулук, электр энергиясы жана башка керектүү нерселер менен камсыз кылууга каражат мамлекет тарабынан бөлүнөрүн билдирди.

Памирлик кыргыздар

Учурдагы памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарттары жок Чоң жана Кичи памир тоолорунда жашашат.

Кыргызстанда памирликтердин тарыхый мекенине кайтуусу боюнча маселе бир нече жолу көтөрүлгөн, бирок ошол бойдон чечилбей калган. Кыргызстан жыл сайын Памир тоолорунда жашаган кыргыздар үчүн гуманитардык жардам жеткирген экспедицияны жөнөтүп турат. Учурда Памирде 2000 миңден ашык этникалык кыргыз жашайт.

Бийлик 2017-жылдан тартып памирлик кыргыздарды тарыхый мекенине көчүрүп келүү иш-чараларын ишке ашыра баштаган. Анда Ооганстандан Нарын облусуна 33 памирлик кыргызды алып келген.

Аларга билим берүү, дарылануу убада кылынып, ал эми келгендердин бири көз жарганда үй-бүлөсүнө Нарын аймагынан чакан турак-жай берилген. Алар үстүндө үйү бар жалгыз памирлик үй-бүлө болгон — башкалары алгач жатаканаларда, кийин кашарларда, ижарага алынган батирлерде жашап калышкан.

2019-жылы дагы бир үй-бүлөгө Орусияда жашаган кыргызстандык эмгек мигрант үй белекке берген — ал памирликтердин биринин президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуусун көргөндөн кийин ушундай кадамга барган.

Памирликтердин көпчүлүгү турак жай берилишин күтө алышкан жок — 20дай киши Кыргызстанга келгенден кийин Ооганстанга кайтып барышкан.

2020-жылы өкмөт Талды-Суу айылында 11 үй куруп, аларга памирлик кыргыздардын 11 үй-бүлөсү жайгаштырылган.

Тема боюнча: «Биз силерди дайыма күтөбүз»: Памир кыргыздарына экспедиция

«Кылаарга ишибиз жок»: Нарынга көчүрүлүп келген памирдик кыргыздардын жашоосу кандай өтүп жатат?