Активист Тилекмат Күрөңов 15-апрелге чейин абакта калтырылды

Бишкек шаардык соту активист Тилекмат Күрөңовду 15-апрелге чейин абакта калтырды. Ошентип шаардык сот Свердлов райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.

6-апрелде шаардык соттун имаратынын алдына эл өкүлү Рыскелди Момбеков, «Замандаш» партиясынын мурдагы лидери Жеңиш Молдокматов жана башка активисттер чогулуп, «Тилекматка боштондук» деп кыйкырып турушту.

Момбеков Күрөңовдун кармалышын акылга сыйбаган көрүнүш катары баалады.

«Тилекматтын кыймыл аракетинде кылмыштын кымындай да белгиси жок. Ал болгону пост [фейсбук барагына] жазганы үчүн отурат. Пост жазган менен тост айткандын эч айымарсы жок. Анда тост айткан кишилерди дагы алып барып камаш керекпи? Бул чынын айтканда түздөн-түз саясий куугунтук, куйтулук жана кутумдук», — деди депутат.

Ал андан сырткары Күрөңовду бийликти басып алууга чакырык таштады деп айыптоо «акылсыз» кадам болгонун айтты.

«Бийликке өздөрү чакырбадыбы, мунун бийликти басып алууга эмес, бийликке басып барууга дагы ниети жок болчу. Чындыгында ошондой нерсе менен алып келип камап коюу бул арамзалык, алсыздык жана акылсыз кадам», — деди Момбеков.

Күрөңовго Жазык кодексинин «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык таштоо» жана «Массалык баш аламандык» беренеси боюнча айып коюлууда.

Тилекмат Күрөңовдун иши

Күрөңов 15-мартта милиция тарабынан кармалган. Бишкек ШИИБ билдиргендей, ал социалдык тармактарда жарыялаган билдирүүлөрү үчүн кармалган, бул жарыяларда «бийликти күч менен басып алууга жана массалык баш аламандыктарга ачык чакырыктар» байкалган.

Ошол эле убакта укук коргоо орган кызматкерлери Күрөңовдун үйүн жана «Ханституцияга каршы» борборунун кеңсесин тинтүүгө алышкан. Кийинчерээк сот отуруму өткөрүлгөн. 17-мартта соттун чечими менен активист Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына 1 айга киргизилген

Мындан тышкары, жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу да Бишкек шаарынын ИИББ тергөө кызматына активист Күрөңовдун иши боюнча «айрым маалыматтарды тактоо» максатында суракка чакырылганын билдирген.

Күрөңов 2020-жылы жайында тарапташтары менен парламенттик шайлоону жылдырып, «ишке жарабаган» өкмөттү отставкага кетирүүнү талап кылган.

Мындан тышкары, 2020-жылдын декабрында ал Жетим-Тоо кенин коргоо кыймылын түзүп, анын башында турган.

Ошондой эле, Күрөңов «Ханституцияга каршы» борбордун мүчөсү, Конституциянын жаңы долбооруна жана конституциялык реформага каршылыгын жигердүү түрдө билдирип келет.

Ал ошондой эле 9-мартта Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы өткөн тынчтык митингин алып барган.