Базар-Коргон: Сабак учурунда шыбы урап түшкөн мектептин окуучулары чатырда билим алат

Базар-Коргон районундагы авариялык абалдагы мектепте окуган балдардын 20га чукул ата-энеси нааразылык акциясына чыгышты. Чогулгандар 5-апрелде өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдына чогулушкан. Алар колуна өлкө бийлигине кайрылуу жазылган плакаттарды көтөрүп келишкен.

Ата-энелер эмнеге нааразы?

Базар-Коргон районунун башчысы Бакыт Козуевдин айтымында, ата-энелер мектеп имаратынын абалына нааразы болуп, бийликтен чара көрүүнү талап кылышкан.

Мындан тышкары, алар мектеп авариялык абалга келгендиктен балдардын аралыктан окуу режимине өткөнүнө макул эмес. Алар бардык эле окуучуларда гаджет аркылуу онлайн окуууга мүмкүнчүлүгү жок экенин айтып даттанышкан.

«Өткөн аптада жамгыр жаап турган учурда класста окуучулар сабак өтүп жатса, шып түшүп кетиптир. Аны мага неберем сүрөткө тартып көрсөттү. Ошол окуядан кийин кайрадан аралыктан окуп жатышат. Телефон менен болгон окууга окуучулар кызыкпайт экен. Же айрым ата-энелердин телефон сатып берүүгө шарты туура келбейт экен. Айлабыз кетип, ыйгарым укуктуу өкүлгө чейин келдик», — деди төрт небереси авариялык мектепте окуган айылдын тургуну Тамара Мусабекова.

«Балдарга чатыр тигип беребиз»

Райондун башчысы Бакыт Козуев ата-энелер менен сүйлөшкөндөн кийин балдар убактылуу окуп турушу үчүн чатыр тигип берүү чечими кабыл алынганын билдирди.«Дүйшөмбүдөн баштап окууну кадимкидей уланта баштайбыз. Окуучулар окуу жылы аяктагыча чатырларда окушат, болгону бир жарым ай калды», — деп билдирди Козуев.

Козуев үстүбүздөгү жылы Кара-Жыгач айылында жаңы мектеп курула башташы мүмкүн деп ишендирди. Анын айтымында, Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев окуу имаратын куруу иши араптардын кайрымдуулук фондунун жардамы менен башталат деп ишендирген.

Акимдин айтымында, жергиликтүү бийлик өкмөткө мектептин курулушуна акча бөлүп берүүнү суранып бир нече жолу кайрылган. Быйыл алар жаңы мектеп курула турган аймактардын тизмесин жөнөтүшкөн. Бирок бул айыл тизмеге кирбей калган. Район акими аталган маалымат дагы Кара-Жыгач айылынын тургундарынын нааразылыгын жараткан деп эсептейт.

Окууга жараксыз имарат

Базар-Коргон райондук администрациянын жетекчисинин маалыматы боюнча, кырк жыл мурун курулган, алты кабинети гана болгон бул чакан мектепте 157 окуучу үч нөөмөт менен окуп жатат.

«Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жети жыл мурун эле имаратты эксплуатациялоо үчүн жараксыз деп тапкан. Бирок балдар окуусун бул мектепте эле улантышкан, анткени коңшу мектептер бир топ алыс — Кара-Жыгач айылынан беш-жети чакырым аралыкта жайгашкан», — деп билдирди Козуев.