Блогер Эрулан Кокулов Нарын шаардык милициясына сурак берип чыкты

Блогер Эрулан Кокулов Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө күбө катары чакырылып, сурак берди. Бул тууралуу «Клоопко» облустук милициянын маалымат катчысы Кундуз Эсенгулова билдирди.

Кокулов буга чейин «Фейсбук» социалдык баракчасына видео кайрылуу жасаган. Анда ал Нарын ОИИБинен суракка чакыруу кагазы келгенин айткан.

«Топ-Ночь» компаниясы менин үстүмдөн арыз жазган экен. 5-апрель күнү Нарынга барып күбө катары түшүнүк кат жазып беришим керек. Негизи биздин ал жакка барганга акча каражытыбыз жок болчу, бирок демөөрчүлөрдүн жардамы менен барганбыз», — деген ал.

5-апрелде Нарын шаарындагы милициянын имаратынын алдында Кокуловду колдогон 100гө жакын адам чогулуп, алар Кокуловдун үстүнөн арыз жазган компанияны арызын кайтарып алуусун талап кылышкан.

«Кокуловдун үстүнөн милицияга азык-түлүк саткан «Топ-Ночь» деген фирмасынан арыз түшкөн. Арызда уруксатсыз кампага киргени жана видеокамерага тартканы айтылган. Ал арыздын негизинде блогер Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө суракка чакырылды», — деди Эсенгулова.

Ошондой эле, ал Кокулов сурак гана бергенин, аны камоо аракети болбогонун билдирди.

«Не сахар» берүүсүнүн 26-марттагы чыгарылышында Нарын шаарындагы кампалардын биринде жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөр сакталып, айрымдары сатыкка чыгарылып жатканы көрсөтүлгөн болчу.

Эрулан Кокулов ким?

Эрулан Кокулов «Не сахар» берүүсүн алып барат. Анда калаадагы ири соода борборлору менен тез татым жайларынын санитардык абалы чагылдырылат. Блогер тигил же бул товар кандай сакталып жатканын, имараттын ичинин тазалыгы тууралуу баяндап, көрсөтөткөнү менен белгилүү.

Бега чейин ал Бишкектин санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборун үч ай эле жетектөөгө жана мекеме кандай иштеши керектигин иш жүзүндө көрсөтүүгө даяр экенин айткан.

Ал бул мөөнөт ичинде айлык албай иштөөгө даяр экенин белгилеген. Ошондой эле, мөөнөтү аяктагандан кийин креслого жармашып калып калбай турганын билдирген.

«Мага айлыктын дагы кереги жок, үч айдан ашык отурайын деген да оюм жок. 3 айда мен санэпидкөзөмөлдү оңдосо болоруна ишенем… Үч айдын ичинде силердин жумушуңарды оңдоп берем, санэпидкөзөмөл кандай иштеши керектигин көрөсүңөр», — деген ал.