Эмгек сиңирген офтальмолог Михаил Медведев коронавирустан каза болду

Белгилүү офтальмолог, Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери Михаил Медведев коронавирустан каза тапты. Бул тууралуу Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев кабарлады.

Анын айтымында, Медведев 5-апрель күнү Бишкекте көз жумган. Маалыматка ылайык, буга чейин анда коронавирус жана ооруканадан тышкаркы пневмония аныкталган.

«Өпкөсү 90%га жабыркаган. Биз аны куткарып калган элек, эки-үч күндө чыгаралы деп жатканбыз, бирок кан кете баштады», — деп билдирген Аалиев 24.kg’ге.

Медведев медицина илимдеринин доктору жана саламаттык сактоонун отличниги болгон. Профессор Кыргыз-Орус Славян Университетинде офтальмология кафедрасын жетектеп, Европанын катаракталык жана рефракциялык хирургия коомунун мүчөсү болгон.