ССМ эпидкырдаал курчуп баратканын билдирди — Бишкек «кызыл зона» деп табылды

6-апрелде өткөн брифинг учурунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берди.

Бектурганов COVID-19 жуктургандардын саны өсүп жатканына байланыштуу Бишкек «кызыл», Чүй облусу «сары» зонага киргенин билдирди. Калган 6 облус азырынча «жашыл» зонада.

* «жашыл» зона

1)репродуктивдик сан** 1ден кем болгондо жана жумасына 100 миңден 40 адам ооруга кабылса;

2) репродуктивдик сан** 1ден көп болгондо жана жумасына 100 миңден 20 адам ооруга кабылса;

«сары» зона

1) репродуктивдик сан** 1ден кем болгондо жана жумасына 40тан 80ге чейин ооруга кабылса;

2) репродуктивтик сан** 1ден көп болгондо жана 100 миңдин ичинен 20дан 50 чейин ооруга кабылса;

«кызыл» зона

1) репродуктивдик сан** 1ден кем болгондо жана жумасына 100 миңден 80ден өйдө ооруга кабылса;

2) репродуктивдик сан** 1ден көп болгондо жана жумасына 100 миңден 50дөн өйдө ооруга кабылса.

** Репродуктивдик сан — бир адам оору жугуза тургандардын саны.

«Негизинен оорунун күчөп кетишинин бир катар себептери бар, аларга беткап кийүү режимин сактабагандык, массалык маданий иш чараларды уюштуруу, эл көп чогулган жерлерде аралыктын сакталбай жатышын киргизсе болот. Адамдардын өз абалын туура баалабай жатканы, коопсуздук эрежелерине кайдыгер мамиле жасашы дагы чоң таасирин тийгизет», — деп белгиледи ал.

Министрдин орун басары өлкөдө COVID-19ду кайра жуктуруунун расмий катталган учурлары жоктугун айтат.

«Бул маселе менен көптөр кайрылып жатышат, жайында коронавирус менен ооругандар күздө деле ооруп жатышат. Бул узакка созулган, өнөкөт процесс», — деди ал.

Ошондой эле Бектурганов карантин киргизүү маселесин жергиликтүү штабдар жериндеги эпидкырдаалга байланыштуу чечишерин белгиледи.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Бишкек шаары жана Чүй облусундагы эпидкырдаалга байланыштуу 6-апрелден тартып кошумча койкалар даярдалып жатканын да билдирди.

Ага ылайык, Улуттук госпиталда 110 койка даярдалса, анын ичинен 10 койка жандандыруу бөлүмүндө. Чүй облусттук бириктирилген ооруканасында 55 койка камдалса, анын ичинен 5 койка COVID-19 жуктургандарды жандандыруу үчүн даярдалган.

Кыргызстандагы эпидкырдаал

Бийлик коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкуну келе жатат деп бир нече жолу билдирген. Күн сайын медиктер COVID-19 жуктуруунун 100дөгөн учурун аныктап жатышат. Адатта оору жуктургандардын көпчүлүгү Бишкек шаары жана Чүй облусунан катталууда.

20-мартта Республикалык штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков бардык деңгээлдеги медициналык мекемелер COVID-19 дартына кабылган бейтаптардын санынын көбөйүшүнө даяр болушу керек деп билдирген.

«Абал курчуп кетсе, бардык күч жана каражаттардын иштөө алгоритми даяр турушу керек. 1-апрелде саламаттык сактоо тармагынын бардык мекемелери кычкылтек берүү тутумуна кошулушу керек, ал эми алыскы жана жарым стационардык медициналык мекемелер кычкылтек концентраторлору менен жабдылышы зарыл», — деген ал.

27-мартта Новиков Республикалык штабдын отурумунда азырынча өлкөдө чектөө чаралары көрүлбөй турганын, бирок коомдук жайларда коопсуздуктун санитардык нормалары күчөтүлөрүн кабарлаган.

Ал эми Бишкек мэриясы 1-апрелден тартып калаанын бардык соода борборлорунда аюн-зоок аянтчаларын эки жумага жаап, балдар үчүн оюн-зоок жайларынын ишин токтотууну чечкен. Ошондой эле, мэрия 6, 7, 8 жана 10-класстардын окуучуларын 1-апрелден тартып офлайн окутууга жөнөтпөй туруу чечимин кабыл алган.

Мындан тышкары, калаа муниципалитетинин өкүлдөрү күн сайын эртең менен бирифинг өткөрүп, шаардагы эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат беришүүдө.

6-апрелде Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева шаардыктардан беткап тагынбаган адамдар көп чогулган жерлерди каттоого алып, мэриянын кызматкерлерине кабарлап турууну суранды. Ал муниципалитет чара көрөт деп убада берди.