Бишкек шаарында үч эм төрөлдү

Бишкек шаардык перинаталдык борборунда 11-мартта үч эм жарыкка келди. Алардын үчөө тең эркек балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги 7-апрелде билдирди.

Ымыркайлар бир ай перинаталдык борборунда болушкан.

«27 жаштагы балдардын энеси кадимки жол менен көз жарды. Азыркы учурда балдардын абалы канааттандыраарлык. 9-апрелде үч эмдин төрөт үйүнөн чыгарылаары күтүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Алардын салмагы биринчисиники 1 кг 360 грамм болсо, экинчисиники 1 кг 280 грамм жана үчүнчүсүнүкү 1 килограмм.

Эске салсак, буга чейин үй-бүлөдө үч эм же андан ашык бала төрөлсө, ар бир балага 50 миң сомдон төлөнөрүн өкмөттөн билдиришкен. Чечим 2019-жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирген.

Ал эми 2018-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда балага сүйүнчү чегерилген. Сүйүнчү акча бир бала үчүн 4000 сомду түзөт.

Өткөн жылдын октябрь айында Бишкек шаарында үч эм төрөлгөн. Аларга Садыр, Жапар, Нургожо деген ысым ыйгарылган.

Садыр Жапаровдун урматына коюлган үч эмдин үй-бүлөсүнө 3 тонна көмүр жана керебет белекке берилген.

Буга чейин Жалал-Абаддагы үч эм төрөлгөн 3 үй-бүлөгө батир белек кылынган.