Бишкектеги мектептер менен бала бакчалар кайрадан онлайн окууга өтөт

Бишкек шаарындагы мектеп менен бала бакчалар кайрадан толугу менен белгисиз мөөнөткө аралыктан окуу режимине өтөт. Бул жөнүндө калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Кечирип коюңуз! Кайрадан онлайн-окууга өтөбүз. Урматтуу шаардыктар, ата-энелер, балдар! Борбор шаарда эпидемиологиялык кырдаал курч болууда, соңку аптада Бишкек шаарында COVID-19 менен пневмония оорусуна чалдыккандардын саны бир аз өскөнү байкалууда», — деп айтылат мэриянын 6-апрель күнү кечинде таркаткан маалыматында.

Мекемеден билдиришкендей, 6-апрелде эпидемияга жана эпизоотияга каршы шаардык чукул комиссиянын отуруму өткөрүлгөн.

«Балдардын, ата-энелердин жана мугалимдердин коопсуздугу үчүн эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин мектептер менен бала бакчаларда окутуу процессин 2021-жылдын 12-апрелинен тарта онлайн режимге өткөрүү чечими чыгарылган», — деп басма сөз кызматы билдирди.

Бирок участкалык шайлооо комиссиясы жайгашкан 14 бала бакчанын тарбиялануучулары 8-апрелден тартып эле аралыктан окууга кетишет. Бул чара шайлоо комиссиялары орун алган мектептерде дагы колдонулабы же жокпу айтылган эмес.

Ошондой эле, муниципалитет бүткүл борбор калаа боюнча санитардык көзөмөл күчөтүлүп, чарба субъектилерин* текшерүүчү мобилдик бригадалар көбөйтүлгөнүн эскертет.

*Текшерүү коронавирустун алдын алуу нормаларын сактоого тиешелүү — инспекциялар кире бериште санитайзерлер менен тепловизорлордун болушун текшеришет. Ошондой эле, чарба субъектилеринин кызматкерлери менен кирип-чыккан адамдар социалдык аралыкты сактоосуна, беткап режимин кармануусуна, имараттын ичинде кошумча дезинфекциялоо иштеринин жүрүүсүнө көзөмөл кылат.

Бишкек мэриясы шаар тургундарын массалык иш-чараларга барбай, гигиена эрежелерин сактоого, беткап тагынууга жана социалдык аралыкты сактоого чакырат.

Буга чейин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов Бишкек шаары «кызыл зона» деп таанылганы тууралуу билдирген. Ал карантин жана чектөө чараларын кабыл алуу маселесин жергиликтүү штабдар эпидкырдаалга байланыштуу чечерин маалымдаган.

Кыргызстандагы эпидкырдаал

Бийлик коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкуну келе жатат деп бир нече жолу билдирген. Күн сайын медиктер COVID-19 жуктуруунун 100дөгөн учурун аныктап жатышат. Адатта оору жуктургандардын көпчүлүгү Бишкек шаары жана Чүй облусунан катталууда.

20-мартта Республикалык штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков бардык деңгээлдеги медициналык мекемелер COVID-19 дартына кабылган бейтаптардын санынын көбөйүшүнө даяр болушу керек деп билдирген.

«Абал курчуп кетсе, бардык күч жана каражаттардын иштөө алгоритми даяр турушу керек. 1-апрелде саламаттык сактоо тармагынын бардык мекемелери кычкылтек берүү тутумуна кошулушу керек, ал эми алыскы жана жарым стационардык медициналык мекемелер кычкылтек концентраторлору менен жабдылышы зарыл», — деген ал.

27-мартта Новиков Республикалык штабдын отурумунда азырынча өлкөдө чектөө чаралары көрүлбөй турганын, бирок коомдук жайларда коопсуздуктун санитардык нормалары күчөтүлөрүн кабарлаган.

Азырынча Бишкек мэриясы 1-апрелден тарта калаанын бардык соода борборлорунда аюн-зоок аянтчаларын эки жумага жаап, балдар үчүн оюн-зоок жайларынын ишин токтотууну чечкен. Ошондой эле, мэрия 6, 7, 8 жана 10-класстардын окуучуларын 1-апрелден тартып офлайн окутууга жөнөтпөй туруу чечимин кабыл алган.

6-апрелде Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева шаардыктардан беткап тагынбаган адамдар көп чогулган жерлерди каттоого алып, мэриянын кызматкерлерине кабарлап турууну суранды. Ал муниципалитет чара көрөт деп убада берди.

Кыргызстанда аралыктан окуу

Мамлекеттик мектептер менен бала бакчаларды ачуу маселеси пандемия башталгандан бери талкууланып келе жатат.

Республиканын мектеп окуучулары өткөн жылдын 8-апрелинен бери аралыктан окууга кеткен.

Өлкөдө ӨА жана ӨК режими киргенден кийин Билим берүү министрлиги тез арада аралыктан билим алуунун окуу программасын иштеп чыккан. Бардык окуутучу материалдар ведомствонун атайын сайтына жүктөлүп, ошондой эле телевизор аркылуу эфирге берилген.

Бирок көпчүлүк ата-энелер онлайн- окууну сынга алышкан, атап айтканда мындагы окуу материалдарынын сапатына нааразы болушкан. Ошондой эле, ата-энелер керектүү гаджеттердин, телевизор жана интернеттин жетишсиздигине даттанышкан.

Азыр коронавирус пандемиясынан улам ишин токтоткон мекемелердин акыркылары мектептер жана бала бакчалар болууда. 18-январда салттуу окуу режимине Бишкектеги 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары кайтып келген. Мамлекеттик бала бакчалар ачылган эмес. Бизнес, муниципалдык транспорт жана базарлар сыяктуу башка чөйрөлөр толук кандуу иштеп жатышат, бирок санитардык талаптар аткарылып, коронавирустун алдын-алуу чаралары көрүлүп жатат.

Менчик бала бакчалар жана мектептер дагы ачылган, 2020-жылдын сентябрь айынан тартып санитардык талаптарды аткаруу шарты менен ишмердүүлүгүн улантып жатышат. Оффлайн режимде менчик окутуу курстары, балдарды жана өспүрүмдөрдү өнүктүрүү борборлору иштеп жатат.

Тема боюнча:

Бишкекте 9-марттан тарта бала бакчалар ачылып, башталгыч класстар мектепке барат

Новиков мектептеги билим берүүгө нааразы. Ал реформа кылууну тапшырды

Пневмония болгон балдардын саны өскөндүктөн Бишкекте мектеп жана бала бакчалар азырынча ачылбайт