Новиков мектептеги билим берүүгө нааразы. Ал реформа кылууну тапшырды

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков өлкөнүн билим берүү системасын сынга алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Аткаминер мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү маселелери боюнча жыйында бир катар реформа жүргөнүнө карабай система натыйжасын көрсөтпөй жатканын белгиледи.

Новиковдун айтымында, окуу программасынын өзүн да мыкты деп айтууга болбойт — ал бир катар предметтер менен «ашыкча жүктөлгөн», ал эми базалык сабактарга көңүл бурулбай калган.

«Бир жумалык сааттардын жалпы саны: математика боюнча сааттар 1-11-класстарда – 57ден 52ге чейин, ал эми табигый илимдер боюнча предметтер боюнча 51ден 46 саатка дейре кыскарган. Ошондуктан Билим берүү министрлигине учурдагы мектеп программасын базалык предметтер, анын ичинде табигый математикалык циклдер боюнча сааттарды жогорулатуу менен кайрадан карап чыгуу тапшырмасы берилген», — деди ал.

Вице-премьер мектептеги билим берүүнүн жаңы стандартын түзүүгө чакырды. Ал мектептердин аккредитациясы жана директорлордун аттестациясы жөнүндө эскертип, аттестация «жакпаган директорлорду иштен бошотуу куралына айланбашы керек экенин» билдирди.

«Аттестациянын түпкү максаты — балдардын билим сапатын жакшыртуу, анткени, билимдүү балдар – элибиздин алтын фондусу болуп саналат. Мектепте балдарды окутуу-тарбиялоо ишинин толук циклин калыбына келтирүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек», — деп вице-премьер билдирди.

Аткаминердин айтымында, өлкөгө жаңы билим берүү стандарты керек, аны Экономика жана финансы министрлигинин көрсөтмөсүнө кылчактап карабастан түзүү керек.

«Келиңиздер, 1-11-класстар үчүн мектептеги билим берүүнүн сапаттуу стандартын жана нормалдуу окуу программасын түзөлү, андан соң аны Экономика жана финансы министрлигинде коргойбуз», — деди ал.

Новиков бул ишти бир-эки жылдын ичинде жыйынтыктап, 2021-жылдын 1-сентябрынан тарта ишке киргизе баштоо зарылдыгын кошумчалады. Жыйындын аягында Билим берүү министрлигине мектеп билим берүү стандартынын долбоорун кайра карап чыгуу боюнча жол картасын түзүү, 1-11-класстар үчүн базистик окуу план долбоорун даярдоо жана жаңы окуу жылынан тартып, сентябрда мектеп спортун өнүктүрүү боюнча «Мектеп лигасы» долбоорун жана мектеп медицинасы боюнча долбоорду ишке киргизүү тапшырылды.

Өкмөттүн планы боюнча, Кыргызстандын бардык мектеп окуучулары 2021-жылдын 1-апрелинен тарта салттуу окуу формасында мектепке кайтып келишет. Буга чейин окуучулардын көпчүлүгү COVID-19 инфекциясынын жайылуу коркунучунан улам онлайн-форматта окушкан.

Бирок көпчүлүк ата-энелер онлайн окууну сынга алышкан, атап айтканда мындагы окуу материалдарынын сапатына нааразы болушкан. Ошондой эле, ата-энелер керектүү гаджеттердин, телевизор жана интернеттин жетишсиздигине даттанышкан.

Азыр коронавирус пандемиясынан улам ишин токтоткон мекемелердин акыркылары мектептер жана бала бакчалар болууда.

Ага ылайык, 18-январда салттуу окуу режимине Бишкектеги мектептердин 1, 5, 9, 11-класстары кайтып келишкен. Мамлекеттик бала бакчалар ачыла элек.

Бизнес, муниципалдык транспорт жана базарлар сыяктуу башка чөйрөлөр толук кандуу иштеп жатат, бирок санитардык талаптар аткарылып, коронавирустун алдын-алуу чаралары көрүлүп жатат.

Менчик бала бакчалар жана мектептер дагы ачылган, 2020-жылдын сентябрь айынан тартып санитардык талаптарды аткаруу шарты менен ишмердүүлүгүн улантып жатышат. Оффлайн режимде менчик окутуу курстары жана балдарды жана өспүрүмдөрдү өнүктүрүү борборлору иштеп жатат.

Дагы окуңуз:

«Чыдабай калдык». Онлайн окутуу ата-энелерди балдарын сабоого жеткирди — изилдөө

«Аралыктан окутуунун кереги жок». Ата-энелер балдарын мектепке кайтарууну суранышууда