Жалал-Абаддын Благовещенск айылында жумушсуз аялдар үчүн тигүү цехи ачылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Благовещенск айылында аялдар үчүн тигүү цехи ачылды. Анда коронавирустан жабыркаган кыз-келиндер иштешет.

Долбоор «БУУнун Аялдар» түзүмү тарабынан ишке ашырылып, аялдарды колдоо максатында уюм 160 миң сомго тигүүчү машиналарды сатып берди.

Коронавирус илдети Кыргызстанда алгачкы жолу Благовещенск айылынын үч тургунунан аныкталган. Алар Сауд Арабияга кичи ажылыкка барып келишкенден кийин COVID-19 жуктуруп алышканы белгилүү болгон.

Райондун акими Төрөгелди Түркбаевдин айтымында, аялдар көбүнчө үй жумуштарын жасагандыктан, алардын үй-бүлөлүк бюджетти толтуруудагы ролу байкалбай калат. Ал эми цехте иштөө менен аялдар киреше табуудагы дараметин көрсөтө алышат.

«Лидер аялдар буга чейин аялзатын жумуш менен камсыз кылуу маселесин көтөрүшкөн. Райондук администрация цех ачуу үчүн имарат таап берди. Айыл өкмөтү жана райондук администрация менен биргеликте жаңы жумуш орундары түзүлдү», — деди Түркбаев.

«БУУнун Аялдар» түзүмү COVID-19 пандемиясынан кийин жакырчылыкка кабылган аялдар менен балдардын саны өскөнүн белгилейт. Аталган түзүмдүн «Кыргызстандагы коронавирус илдетинен жабыркаган кыз-келиндерге колдоо көрсөтүү» долбоору Нарын, Ош жана Жалал-Абад облустарында ишке ашырылган.

Буга чейин Баткен облусунда 20 жумушсуз аял атайын окутуудан өткөрүлүп жаңы кесипке ээ болушкан. Анда аялдар инсандык өнүгүү, бизнести пландаштырууну үйрөнүшкөн. Ошондой эле, бизнес план түзгөн 8 аялга 400 АКШ доллардан грант, калганына ишкердүүлүккө зарыл болгон жабдуулар берилген.

Улуттук статистика комитети жана «БУУнун Аялдар» түзүмүнүн Кыргызстандагы кеңсеси Аялдардын эл аралык 8-март күнүнө карата Кыргызстандагы аялдар жана эркектер тууралуу кеңири статистикасын даярдаган.

Ага ылайык 2019-жылы эмгекке жарамдуу курактагы аялдардын иш менен камсыздуулук деңгээли 48%ды түзсө, экономика тармагында иштеген аялдардын орточо жашы 39 жашты түзгөн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстанда 2020-жылы 76 миңден ашуун киши жумушсуз деп катталса, анын 36 миңин аялдар түзгөн. Бирок расмий түрдө жумушсуздардын саны алда канча көп.