Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүн ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизүү сунушталды

Мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүн ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн уюмдун «Дүйнө эстелиги» программасынын консультативдик комитетине кайрылуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунушу киргизилди. Бул тууралуу Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында айтылганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында комитеттин өкүлдөрү белгилүү мамлекеттик ишмердин элесин түбөлүк калтырууга багытталган иш-чаралардын катарында Жусуп Абдрахмановдун өмүрү тууралуу көркөм тасма тартуу, анын атын КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына ыйгаруу, «Кыргыз Республикасынын баатыры» наамын ыйгаруу маселеси бар экени айтылды.

Жыйынга катышкан өкмөт башчысы Улукбек Марипов бардык иш-чаралар жогорку деңгээлде уюштурулушу зарыл экенин белгилеп, бардык айтылган сунуштарды эске алуу менен планды толуктап иштеп чыгууну тапшырды.

Буга чейин президент Садыр Жапаров «Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Анын негизинде 2021-жылдын 19-мартында уюштуруу комитети түзүлгөн, анын курамына мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү, маданият жана искусство ишмерлери кирген.

Жусуп Абдрахманов

Мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахманов 1901-жылы Ысык-Көл облусунда 28-декабрда туулган. Кыргыз мамлекетин түптөгөндөрдүн башында болуп, анын түзүлүшүнө жана калыптанышына негиз салган. Абдрахманов 1927-1933-жылга чейин Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар төрагасы болуп дайындалат.

Кийин 1937-жылы камакка алынып, ага антисоветтик террорист, Социал-Туран партиясынын түзүүчүсү деген жалган күнөөлөр коюлат. Кыргызстанда совет бийлигин кулатып, өзүнчө мамлекет түзүүнү көздөгөн деген айып тагылат. Бирок түрмөдөгү кыйноолорго карабай күнөөлөрдү мойнуна алган эмес. Бийликти аёосуз сындаса да, советтик түзүлүштүн активдүү жарчысы жана куруучусу болуп, ар дайым Лениндин идеяларын колдоп келген. Жусуп Абдрахманов 1938-жылдын 5-ноябрда өлтүрүлгөн.

Абдрахманов Кыргыз мамлекетинин түптөөчүсү, алгачкы кыргыз элинин тарыхын изилдөөчү, эң көрүнүктүү саясий ишмер катары белгилүү.