Айзада Канатбекованы уурдаган төртүнчү шектүү кармалды

Криминалдык милиция кызматкерлери Айзада Канатбекованы уурдоого катышкан төртүнчү шектүүнү кармады. Бул тууралуу «Клоопко» Бишкек ШИИББдин маалымат катчысы Улан Жумаков билдирди.

«Тынымсыз жүргүзүлүп жаткан издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 8-апрелде шектүү катары Жалал-Абад облусунан 30 жаштагы жаран кармалды», — деди Жумаков.

Ошондой эле, ал учурда мындан аркы тергөө иш-аракеттери жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылып жатканын билдирип, толугураак маалымат кийинчерээк берилет деп ишендирди.

Буга чейин Бишкек шаардык милициясы 8-апрелде 26 жаштагы жана 36 жаштагы эки кишини кармаган. Ал эми биринчи шектүү 7-апрелде колго түшкөн.

Айзада качан жана кантип уурдалган?

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына 5-апрелде Айзада Канатбекованын апасы арыз менен кайрылган. Анда 27 жаштагы кызын Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз кишилер никеге мажбурлап тургузуу үчүн «Хонда Цивик» унаасында уурдап кетишкенин жазган. Эне уурдагандарды таап, чара көрүүнү талап кылган.

Аталган факт КЖБРге катталып «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылган. Унаа тууралуу маалымат аймактык бөлүмчөлөргө жана ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жиберилген.

Окуя видео байкоочу камерага түшүп калган. Анда кыздын жанына белгисиз кишилер келип аны мажбурлап Honda үлгүсүндөгү унаага салышкан. Экөө ошол унаага отуруп, бирөө таксинин чашкасы бар унаага отуруп кетишкен.

Кыздын агасы 24.kg басылмасына карындашы акыркы жолу байланышка 18:00дөр чамасында чыкканын, андан кийин байланыш үзүлгөнүн кабарлаган. Кыз буга чейин анын тынчын 30 жаштагы киши алып жүргөнүн билдирген.

Милиционерлер аны кантип издеген?

Издөө иш-чараларынын натыйжасында унаанын ээси табылган. Ал Кара-Балта шаарынын тургуну болуп чыккан. Бирок ал унааны башка жаранга ижарага бергенин айткан. Ал эми ижарага алган киши машинаны агасы алып, жүргүнчү ташып иштейт деп маалымдаган. Айзада Канатбекованы дал ушул киши башка жарандар менен кошо уурдаганы аныкталган.

Ошол эле күнү милиция тарабынан «Хонда Цивик» унаасынын Ак-Өргө конушунда батыш тарапты көздөй баратканы тууралуу маалымат алынган. Сосновка айылына кошумча милиция кызматкерлери коюлуп, шектүүлөр Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча изделе баштаган.

5-апрель күнү кечки саат 19:00дөр чамасында апасы кызы менен сүйлөшкөнү белгилүү болгон. Анда Канатбекова апасын тынчтандырып, үйгө келээрин айткан. Бирок кызы келген эмес. Ал эми Канатбекованын телефону апасы менен сүйлөшкөндөн кийин өчүк болгон.

Маалыматка ылайык, Канатбекова жана аны уурдаган киши мындан төрт ай мурун таанышышкан. Күбөлөрдүн айтымында, маркум тааныштарына Канатбекова тууралуу көп айтчу жана ага үйлөнүүнү пландап жаткан.

Айзаданын сөөгү кантип табылды?

Бишкек ШИИБден Айзада Канатбекованын сөөгү Аламүдүн районундагы талаадан табылганын билдиришти. Алдын ала маалыматтар боюнча, аны уурдоого шектелген киши менен кыздын ортосунда чыр чыккан, шектүү Канатбекованы муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кесип салган.

Аламүдүн РИИБге 7-апрелде Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаа табылганын, анын ичинде аялдын жана эркектин сөөгү жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге милиционерлер барып Honda Civic үлгүсүндөгү унааны жана Канатбекова менен 30 жаштагы кишинин сөөгүн табышкан.

«Жергиликтүү койчу аталган унааны 5-6-апрелде байкаганын айтты, бирок баткакка тыгылып калган деп ойлоп көңүл бурган эмес. 7-апрелде унаага жакын барганда аялдын жана эркектин сөөгүн көрүп дароо милицияга кабар берген», — деп билдиришти Бишкек ШИИБден.

Айзада Канатбекованын сөөгү 8-апрелде Балыкчы шаарына коюлду.