Айзада Канатбекованы уурдоого шектелген экинчи киши кармалды

Шектүү. Сүрөт: Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын криминалдык милициясы 5-апрелде Айзада Канатбекованы уурдоого катышкан экинчи шектүүнү кармады. 31 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

«Азыркы учурда калган шектүүлөрдүн турган жерин аныктоо үчүн тиешелүү тергөө амалдары жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылып жатат», — деп билдиришти Бишкек ШИИББден.

Буга чейин, 7-апрелде, Бишкектин милициясы Канатбекованы уурдоого катышкан биринчи шектүүнү кармаган.

Айзаданын өлүмү

26 жаштагы Айзада Канатбекова 5-апрель күнү эрте мененки саат 7лер чамасында уурдалган. Кылмыштын уюштуруучусу — 35 жаштагы Замирбек Теңизбаев, ал Айзадага анын эркине каршы үйлөнүүнү көздөгөн. Теңизбаев буга чейин Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн соттолуп чыккан.

Канатбекова Бишкектин Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде уурдалган. Байкоочу камерага түшкөн кадрларда аны үч киши мажбурлап кызыл түстөгү Honda Civic унаасына отургузганын көрүүгө болот.

Унаанын номуру жана түсү белгилүү болгону менен милиция кызматкерлери Канатбекованы эки күн бою издеп таба алган эмес. Кийинчерээк, 7-апрелде, Айзаданын сөөгү Аламүдүн районундагы талаада Honda Civicтин ичинен табылган. Аны менен катар унаанын ичинде шектүү Замирбек Теңизбаевдин дагы сөөгү табылган.

Коркунучтуу табылганы жергиликтүү чабан көргөн. Ал бул унаа талаага 5-апрелде эле келип, тыгылып калганын байкаган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Теңизбаев маркумду футболкасы менен муунтуп өлтүрүп, канцелярдык бычак менен өзүнүн күрөө тамырын кесип салган.

Бул окуя коомчулуктун арасында нааразычылык жаратып, Бишкектин жана Оштун тургундары шаардык милициянын имаратынын астына нааразычылык акциясына чыгышты. Бишкекте чогулгандар ички иштер министрин жана шаардык милициянын жетекчилигинин отставкасын талап кылышты. Кийинчерээк митингчилер өкмөт үйүн көздөй барышты.

Алар менен жолуккан премьер-министр Улукбек Марипов, «күнөөлүүлөр жазага тартылаарын» убада кылды. Бирок ал ИИМ менен Бишкек ШИИББдин жетекчилеринин отставкасы тууралуу так жооп бере алган жок.