«Ала качуу арам». Муфтият Айзаданын окуясы боюнча үн катты

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы уурдалып кийин өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясын сындап, аны шариятка жана адамгерчиликке жатпаган, инсандын жанын кейиткен аянычтуу окуя болгонун билдирди.

«Адамдын жаны аманат! Үйлөнөм деп башканын тагдырына балта чаппа!... Бүгүнкү күндө коомубузда айрым учурларда катталып жаткан “аялзатына зомбулук фактылары” кейиштүү жагдай боюнча калууда... Ала качуу арам. Шариятта ала качууга тыюу салынат. Кызды мажбурлап үйлөнүүгө шарият жол бербейт. Ошондой эле башка бирөөгө зыян берүүнүн бардык түрү арам», — деп айтылат муфтият тараткан билдирүүдө.

Айзаданын өлүмү

26 жаштагы Айзада Канатбекова 5-апрель күнү эрте мененки саат 7лер чамасында уурдалган. Ал бир үйдүн жалгыз кызы болгон. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Дене тарбия жана спорт факультетин 2020-жылы аяктаган. Анын сөөгү 8-апрелде Балыкчы шаарында жерге берилди.

Кылмыштын уюштуруучусу — 35 жаштагы Замирбек Теңизбаев, ал Айзадага анын эркине каршы үйлөнүүнү көздөгөн. Теңизбаев буга чейин Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн соттолуп чыккан.

Канатбекова Бишкектин Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде уурдалган. Байкоочу камерага түшкөн кадрларда аны бир нече киши мажбурлап кызыл түстөгү Honda Civic унаасына отургузганын көрүүгө болот.

Унаанын номуру жана түсү белгилүү болгону менен милиция кызматкерлери Канатбекованы эки күн бою издеп таба алган эмес. Кийинчерээк, 7-апрелде, Айзаданын сөөгү Аламүдүн районундагы талаада Honda Civicтин ичинен табылган. Аны менен катар унаанын ичинде шектүү Замирбек Теңизбаевдин дагы сөөгү табылган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Теңизбаев маркумду футболкасы менен муунтуп өлтүрүп, канцелярдык бычак менен өзүнүн күрөө тамырын кесип салган.

Бул окуя эл арасында нааразычылык жаратып, Бишкектин жана Оштун тургундары шаардык милициянын имаратынын астына нааразычылык акцияларына чыгышты. Бишкекте чогулгандар ички иштер министрин жана шаардык милициянын жетекчилигинин отставкасын талап кылышты.

Бүгүнкү күндө Айзаданы уурдоого катышкан төрт шектүү кармалды. Тергөө амалдары жүрүүдө.