«Жетишет!» — Бишкекте зордук-зомбулукка каршы митинг өттү

Бишкекте зордук-зомбулукка каршы тынчтык митинги өттү. Ага 500дөн ашык адам катышты. Митингде ички иштер министринин отставкасы талап кылынды. 

Митингдин катышуучулары саат 12:00дө ИИМдин имаратынын алдында чогулуп, андан кийин өкмөт үйүнүн алдына барышты. Митингде чагымчылдык кылууга аракет жасагандар дагы болду.

Чогулгандар зордук-зомбулуктун курмандыгы болгон айымдардын атын атап, «Уят!», «Жетишет!», «Кийинки болуудан корком», «Ала качуу — кылмыш», «Жооп берсин» деген ураандарды кыйкырышты.

Митингдин уюштурулушуна 5-апрелде уурдалып, кийин өлтүрүлгөн 27 жаштагы Айзада Канатбекованын окуясы себеп болгон. Канатбекованын өлүмүнө кайдыгер карабагандар ички иштер министрлигинин тиешелүү деңгээлде көңүл бурбаганына нааразы болушту. 

Акцияга чыккандар менен ички иштер министринин орун басары жолукту.

«Тергөө амалдары жүргүзүлүп, окуяга тиешелүү адамга укуктук баа беребиз. Тергөө кызматы жана Ички иштер министрлиги менен биргеликте кызматтык иликтөөнү кечке чейин бүтүрүп, маалымат бергенге аракет кылабыз», — деп билдирди Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурдин Эшимкан уулу.

Чогулгандар андан кийин өкмөт үйүнүн алдына барышты. Алар менен премьер-министр Улукбек Марипов чыгып жолукту.

«Бул окуя менин жана президенттин толук көзөмөлүндө. Мен да болгон окуяга кайгырып турам. Бардык чаралар көрүлөт. Бир аз убакыт бергиле», — деп суранды Марипов.

Митингдин катышуучулары ички иштер министри Улан Ниязбековдун отставкага кетишин талап кылышты. Бирок өкмөт башчы Улукбек Марипов анын отставкасы боюнча азырынча эч нерсе айта албай турганын белгиледи.

Митингге депутаттар Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Айсулуу Мамашева, жарандык активисттер жана ырчы Кайрат Примбердиев да келип, сөз сүйлөдү.

Айзаданын өлүмү

Айзада Канатбекованы Бишкек шаарынан 5-апрель күнү таңкы саат 7де уурдап кетишкен. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери белгисиз үч адам Канатбекованы кызыл түстөгү «Хонда» унаасына күч менен отургузуп, белгисиз тарапка алып кеткенин аныкташкан.

Эки күндөн кийин, 7-апрелде Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаада мал жайып жүргөн чабан Канатбекова уурдалган «Хонда Цивик» автоунаасын байкаган. Чакыруу жерине келген милиция кызматкерлери унаанын ичинде киши колдуу болгон Айзаданы табышкан. Автоунаанын ичинде кызды уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү да болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Теңизбаев Айзаданы футболка менен муунтуп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кесип салган.

Статистикага ылайык, Кыргызстандагы ар бир 17-кыз эркине каршы ала качылган. Эки жыл мурун ала качууга кабылган Бурулай Турдалы кызы каза тапкан. Анын өлүмүнө мажбурлап никеге тургузууну каалаган Марс Бөдөшөв күнөөлүү деп табылган. Ал соттун чечими менен 20 жылга кесилген.

Ал эми Жазык кодексинде адамды мажбурлап никеге тургузгандарга 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Жашы жете электерди ала качкандар 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, 200 миң сом айып төлөшү керек.

ТЕМА БОЮНЧА

«Аялдар адам эмеспи?» Депутаттар ИИМдин аракетин сынга алып, жазаны күчөтүүнү сунушташты

Айзаданы уурдоо. Милиция окуянын чоо-жайын айтып берди

Садыр Жапаров: Өнүккөн коомдо ала качууга такыр жол берилбеши керек

Марипов: Ала качуу — салт эмес, бул жазалана турган кылмыш