Оштун тургуну кайнатасын өлтүрүүгө жана кайненесин бычактоого шектелип жатат

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарынын Он-Адыр участкасынын 30 жаштагы тургуну кайнатасын өлтүрүүгө жана кайненесин бычактоого шектелип кармалады. Ош ОИИБден шектүү милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилгендигин маалымдашты.

Окуя 6-апрелде орун алган. Шектүү Кара-Суу районундагы Нариман айыл өкмөтүнө кайнатасынын үйүнө балдарын көргөнү барган. Кайнатасы каршылык көрсөткөндүктөн экөө чырдаша кеткен.

«Жаңжал учурунда шектүү өзү менен кошо жубайын коркутуу үчүн ала келген бычак менен кайнатасынын далына эки, көкүрөк тарабына үч, сол колуна үч, мойнуна бир жолу сайган. Ал эми аларды бөлүштүрүүгө аракет кылган кайненесинин ичине эки жолу сайган. Кайнатасы ооруканада көп кан кеткендиктен каза болду, кайненеси ооруканада», — деп билдиришти милициядан.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Үй-бүлөлүк зомбулук

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2019-жылы 6 145 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Жабыркагандардын эң көбүн аял кишилер түзгөн — 5 659.

Ал эми ИИМдин маалыматына ылайык, 2020-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 9025 учуру катталып, анын 944ү гана сотто каралган.